www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Видеодо аз-Завахири 2019-жылы декабрда АКШнын Флоридадагы аскердик базасында үч адамды атып өлтүргөн Сауд Аравиянын аскерлерин мактаган.

"Аль-Каида" террордук уюмунун лидери Айман аз-Завахири АКШдагы 11-сентябрда жасалган терактынын 20 жылдыгына арналган видеодон көрүндү. Бул тууралуу жихаддык топтордун ишмердүүлүгүнө байкоо салган америкалык SITE Intelligence Group агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, видео 11-сентябрда жарыяланган. Бул кадр бир саатка созулуп, анда аз-Завахири 2019-жылы декабрда АКШнын Флоридадагы аскердик базасында үч адамды атып өлтүргөн Сауд Аравиянын аскерлерин мактаган. Ошондой эле АКШ Афганистандан аскердик күчтөрүн чыгарып жатканы боюнча комментарий берген. Ал эми 11-сентябрдагы терактынын 20 жылдыгын "позитивдүү окуя" деп сыпаттаган.

SITE агенттигинин директору Рита Кац аталган видео азыркы учурда тартылбаса керек деп эсептейт. Себеби АКШ Афганистандан аскерлерин чыгарып кетүүгө 2020-жылы февралда эле макулдашкан. Ошол эле учурда Айман аз-Завахири "Талибан"* кыймылынын Афганистанды басып алуусу тууралуу ооз ачкан эмес.

Айман аз-Завахири — эл аралык террорчу, "Аль-Каида" уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин мураскору. Ал 2011-жылы Пакистанда америкалык аскерлер тарабынан Ладен жок кылынгандан кийин террордук уюмду башкарып калган. 2020-жылдын соңунда ЖМКларда аз-Завахири оорудан улам каза болгону айтылып, бирок ушул кезге чейин далилдеп же четке каккандар болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости