www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бабановду азыр шайлоо эмес, таптакыр башка маселе кызыктырып турат», - деди бүгүн, 13-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Бабанов Кыргызстанга шайлоодо өз партиясын жылдыруу үчүн келдиби? Ал элди тымызын бийликке каршы үгүттөбөйбү?

- Бабанов ишинин «калта» экендигине камакта жатып, тергөөчү менен бетме-бет сүйлөшкөндө эле түшүнгөндөй. Айласы куруп турбайбы, өктөбүрдө АША менен чогуу бийликти алууга катышып, ара чолодо, бийликти алсак АШАнын көзүн тазалап, өзүбүз бакшарабыз деп угуза айтып алып ит болгонуна өзү да кыжаалат. Бүгүн ал «крит» карта.

Өлө албай жатып өлөң айтмак беле ал, шайлоо менен партия эмес, аны таптакыр башка маселе кызыктырып турат. Качып кетейин десе, батчу жер жок. Анын үстүнө эбегейсиз байлыгынын тагдыры уктатпайт. Экичиден, 17-октябрдагы митингге ишенип да келгени бар.

Бирок «бовой» калбадыбы. Эми жанын жейт «мен таптазамын» деп. Андан да кызыгы 17-октябрда Кой-Ташка АШАнын туулган күнүнө кайсыл бети менен куттуктап барат? Октябрдагы митингдеги иттигин АШАнын куйруктары билбейт дейби...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости