www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 16-сентябрь күнү Душанбе (Тажикстан) шаарында өтө турган ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Мамлекет башчылар эл аралык жана регионалдык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат. Ошондой эле сессиялар аралык мөөнөттө жасалган иштер тууралуу сөз болот", — деп айтылат билдирүүдө.
ЖККУ сессиясына кимдер катышат:
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон;
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян;
Беларусь президенти Александр Лукашенко;
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев;
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров;
Россия президенти Владимир Путин;
ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась;
Ошондой эле 17-сентябрь күнү ушул эле Душанбе шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити өтөт. Иш-чарада ШКУга жаңы жетекчи тандоо маселеси каралат. Мындан тышкары, уюмдун 20 жылдыгына карата Душанбе декларациясы кабыл алынат.
ШКУнун саммитине катыша тургандар:
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди (онлайн);
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев;
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин (онлайн);
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров;
Пакистандын премьер-министри Имран Хан;
Россиянын президенти Владимир Путин;
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;
Беларусь президенти Александр Лукашенко;
Иран президенти Ибрахим Раиси;
Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух (онлайн);
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов (ардактуу консул иретинде).
Булак: NazarNews.kg