www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөргө мыйзамсыз жөнөткөн ишкананы аныктады.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын декабрь айында жумуш менен камсыздоочу «PEACE» ЖЧКсы белгилүү бир акчага Европа өлкөлөрүнүн паспортторун жасалмалап, кыргыз жарандарын Европа жана Америка Кошмо Штаттарында жумушка орноштуруу боюнча мыйзамсыз кызмат көрсөтүп келген.

Жасалма паспортторду колдонгон жарандар Украинанын чек ара кызматы тарабынан кармалып, кайра Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн.

Бул факт КЖБРга катталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашынып жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон Ж.У. аттуу жаран кармалды.

Учурда ал Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бельгия, Франция, Нидерланды, Испания жана Грециянын жасалма паспорттору табылып, алынды. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кармалган адамдан жабыр тарткан башка жарандар болсо, (0312) 26-61-70, (0312) 26-61-65, 0700 84-84-40, 0703 55- 81-25 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости