www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Букада Өзбекстанга мал жандыктарын алып кирүүгө аракет кылып жаткан кыргызстандык эки жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлери райондун Төбө-Коргон айылынын "33 гектар" деп аталган аймагынан жарандар айдап бараткан 33 койду өткөрүп алышты. Жарандар жандыктарды өткөрмө бекеттен тышкары жерден, мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жарандар Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Эске сала кетсек, акыркы убактарда Ала-Бука, Аксы райондорундагы чек арадан мал-жандыктарды мыйзамсыз түрдө Өзбекстанга алып өтүү аракеттери көп каттала баштаганы кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости