www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19га каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы Беларуска алып келинди. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд билдирди.

Маалыматка караганда, фонд бул азырынча дүйнө боюнча катталган бирден бир вакцина экендигин айтты. Аны клиникалык изилдөө жасоо үчүн Россиянын жер-жерлерине жеткиришкен, эми бул процедураларга Беларусь кошулду. Ал препаратты алган биринчи чет мамлекет болуп калды.

Белгилүү болгондой, клиникалык изилдөөлөрдүн Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Ыктыярчыларды эмдөө 1-октябрда башталмакчы. Фонд 100 киши катышкан Беларустагы клиникалык изилдөөнү каржылап бермекчи.

Фонддон мындай иш-чараны Бразилия, Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргүзүү пландалып жаткандыгын айтышты.

Белгилей кетсек, вакцина суроо-талап жаралып, КМШнын, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Латын Америкасын кошкондо 50 мамлекеттен арыз түшкөн.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган фонд макулдашуунун негизинде өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, Мексикага 32 миң, Бразилияга 50 миллион, Индияга 100 миллион, Өзбекстанга 35 миллион доза берилерин айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости