www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына боюнча, 28-сентябрь күнү оорудан көз жумган жалпы адамзаттын саны 1 000 555 кишиге жетти.

Каза болгондордун басымдуу бөлүгү – АКШда, 205 024 адам коронавирустан улам жашоо менен кош айтышты. Жалпы илдетке чалдыккан адамдардын саны - 33 273 720.

Ал эми оорудан 23 056 480 киши айыгып чыкты.

Америкада COVID-19 илдетине 7 147 341 адам чалдыкты.

Бразилияда 4 745 464 адам ооруп, анын ичинен 141 741 киши көз жумду.

Индияда 6 074 702 адам коронавирус жуктуруп, 95 542 адам каза болду.

Орусияда 1 159 573 адам коронавируска кабылып, 20 385 адам көз жумду.

Кыргызстанда 28-сентябрга карата 104 адамдан коронавирус жаңыдан тастыкталды. Илдет алгачкы аныкталган 18-марттан бери коронавируска чалдыккандардын саны 46 355 адамга жетти. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты.

Вирус башталганы өлкөдө расмий эсеп боюнча 1064 адам каза болду. Алардын 83ү - медициналык кызматкерлер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости