www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чоң жыйырмалык" (G20) мамлекет жетекчилеринин Сауд Арабия төрагалык кылган саммити 21-22-ноябрда онлайн-форматта өтөт. Бул тууралуу iz.ru басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, саммиттин негизиги максаты коронавирус таралып жаткан учурда адамдардын ден соолугун коргоо жана экономикалык өсүүнүн абалы тууралуу болот. Ошондой эле пандемия учурунда ачыкка чыккан алсыз тармактар менен күрөшүү маселелери каралат.

G20 COVID-19 менен күрөшүүчү дары-дармек жана вакцина иштеп чыгуу үчүн 21 миллиард доллардан көп каражат бөлүнгөнүн маалымдаган. Ошондой эле "Чоң жыйырмалык" дүйнөлүк экономиканы колдоо максатында дагы 11 триллион доллар бөлгөн жана пандемиядан улам кыйын кырдаалда турган айрым мамлекеттердин карыздарын токтоткон.

"Чоң жыйырмалыктын"  (G20) курамына кирген өлкөлөр:

Аргентина, Австралия, Бразилия, Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Орусия, Сауд Арабия, АКШ, Түркия, Франция, Түштүк Корея, Япония жана Европа биримдиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости