www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКда жетекчи алмашылабы, жаңы жетекчи ким болот?

Кайсы бийлик келбесин эң биринчи маалыматты өз колуна алууга тийиш. Напалеонду айтпай эле койолу, Ленин социалисттик революцияны ишке ашыруу идеясын баштаганда, Кышкы сарай менен бирге маалыматты алган. Кыргызстанда кээ бири төңкөрүш, кээ бири революция деп эки ирет бийлик алмашты.Ак үй колго алынган соң КТРге агылуу жагдайлар көрүндү. КТР эки ирет запкы жеди. Экинчи ирет КТРге коомдук канал макамы берилип, Кубат Оторбаев ушул КТРКга жетекчи болуп, кандай шайлоо болсо да дебаттарга катышып жүргөн. Баса Банк ячейкасынан КТРКны кайра куруп чыгыш үчүн  акчалар берилип, Кубат Оторбаев ашкан акчаларды Башкы прокуратурага кайрып бергени бар. Башы жакшы башталган КТРК бара-бара бийлик тараптын буюртмасын аткарган гана уюмга айланганы белгилүү. Журналист катары Кубат Оторбаевдин Коомдук канал куруу далалаты ишке ашпай калган. Бүгүнкү күнү КТРКнын башында Өмүрбек Токтогуловичке тиешелүү НТС каналын жетектеп жүргөн адам жетектеп турганы  белгилүү. Кыргыз Республикасында КТРК менен катар АКШтын Конгресси тарабынан каржыланган “Азаттык” үн алгысынын дамаматы маалымат жаатында зор. Демек, АКШ да биздин мамлекеттин ишине кийлигишүүдөн кайра тартпайт. Кубат Оторбаев учурунда “Азаттык” үн алгысынын жетекчиси катары бул үналгынын сырларын жакшы билет. Бүгүнкү оор шарттарда “Азаттык” үн алгысынын тизгинин кага турган адам да керектир. Кубат Оторбаев “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде келе жаткан. Балким анын бул партиядан мандаттан баш тартканы эртең шайлоо аяктаган соң, жаңы депутаттардын КТРКнын жетекчилигин алмаштыруу боюнча ойлорун тең бөлүштүрүп жүрбөсүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости