www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын парламенти «Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү карап жатат.

Маалыматка ылайык, күнөөлүү адамга карата коомдук жумуштарга тартуу жана 20 суткага чейин камакка алуу жазалары каралган.

Мындан тышкары полиция кызматкерлерине «айыпталуучунун жабыркоочу тарап менен 30 күнгө чейин байланышуусуна тыюу салуу жөнүндө» өз алдынча чечим чыгаруу укугун берүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, жаңы өзгөртүүлөр полицияны үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөкөрлөрүнө карата кыска аралыкта чара көрүүгө, ошондой эле зомбулук тууралуу социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөргө да реакция кылууга милдеттендирет.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын сегиз айында үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 130 миң кайрылуунун 2,5 миңи боюнча гана кылмыш иши козголуп, 30 миңи административдик өндүрүшкө жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости