www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл өлкөдө канча арпа, буудай жыйналды?

Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен Талас буудай жана жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү, Чүй арпанын түшүмдүүлүгү боюнча, Жалал-Абад бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүдө алдыңкы орундарга чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Таластык дыйкандар көбүрөөк пайда көргөн буудай боюнча айта турган болсок, дүң жыйым өлкө боюнча 668,5 миң тоннаны түзүп, 2019-жылга караганда 55 миң тоннага көп жыйналды. Республикада орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,2 центнерден болсо, Таласта бул көрсөткүч 32,5ке жетти.

Ал эми арпанын жыйылган көлөмү жалпысынан 511 миң тоннаны түздү. Министрликтин маалыматына караганда, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 47 миң тоннага көп. Башка аймактарда орточо түшүмдүүлүк гектарына 24,6 центнер болсо, чүйлүк дыйкандар 27 центнерден түшүм алышты.

Маалыматка караганда, Республика боюнча жыйылган жүгөрү даны 339 миң тонна (өткөн жылдан 28,2 миң тоннага көп), чанактуу өсүмдүктөр 79,8 миң тонна, май өсүмдүктөрү 14,7 миң тонна, тамеки жалбырагы 1,31 миң тонна чогулду.

Ал эми картошка жана пахта жыйноо иштери улантылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости