www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11 декабрда өкмөт үйүнүн алдына Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан «КАЗ Минералз Бозымчак» ишканасынын кызматкерлери митинг өткөрүштү.
Алар 31-декабрда комбинаттын жабылышы тууралуу маалымат алышканын, бирок жабылса ишсиз калышарын айтышууда.
Топтолгондордун алдына Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев чыгып, талаптарын укту. Ал 14-декабрь күнү Бозумчактагы ишканага барарын кабарлады.
Чогулгандардын суроолоруна жооп берип жатып, комбинаттын иши жаңы жылга чейин жанданарын айтты.
«Президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаров кенге барганда эмне үчүн завод иштетилбей жатканын жергиликтүү бийликтен сураган. Бозумчактагы комбинат жакшы иштеши керек. Биз дем алыш күнү маселени жергиликтүү бийлик менен жеринде чечүүгө аракет кылабыз. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков да бул боюнча жергиликтүү бийлик жооптуу деген. Негизи ал жерде жергиликтүү тургундар менен айрым маселелер чыккан экен, ошол чечилсе комбинат жаңы жылга чейин ишке кириши керек», -деди Сагынбаев.
Булак: NazarNews.kg