www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин аракетиңиз, акылман жана салмактуу саясатыңыз аркылуу Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө эл аралык аренада өз позициясын жана кадыр-баркын бекемдеп, динамикалуу түрдө өнүгүп келе жатат.

Мамлекеттердин ортосундагы достукка жана конструктивдүү өнөктөштүккө негизделген мамилелер мындан ары да эки элдин  кызыкчылыгында көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн өбөлгө болот деп ишенем.

Сизге, урматтуу Сооронбай Шарипович, чын дилимден бекем ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу ишиңизде жаңы ийгиликтерди каалайм», — деп белгиленген Белоруссия Президентинин куттуктоосунда.

Последние новости