www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттык” үн алгысы өз пикирин калыс айткан, АКШ Конгрессине тиешелүү маалымат булагы. Арийне, “Азаттыктын” терисин тескери жамынып алып,  кыргыз жарандарын жүйөөсү жок, ошондой эле тиешелүү документтери жок “каралап” жаткан Али Токтакунов сыяктуу кесиптешибиз кимдин буюртмасы менен сайрап жатат? Буга бир көз кырыбызды салып көрсөк.

 

Финпол соттук өндүрүшкө чейин Али Токтакуновдун тасмасын териштирип көрдү

Али Токтакунов 700 млн долларды чыгарып кеткен деп башында эле сөзүнөн жаңылып жатат. Эгерде кыргыз тилин сыйлаган журналист эмес, жөнөкөй жаран болгондо да “чыгарып кетти” деп баса белгилеп, элди дуулдатмак эмес. Сөздүн атасы лексикага келели, кыргыз тили да сөзгө бай тил, “чыгарып кетти” деген сөз финансы жаатында мыйзамсыз табылган акчаларды, мыйзамсыз алып чыгып кетти деген сөз.

Финпол дыкаат текшерип көргөндөй бул жерде чет мамлекетке которуу жолу менен кеткен 646 миллион 879 миң 649 долларды кайсы банктан кеткени тууралуу жиликтеп чыгарган. Бул тууралуу аягында маалымат беребиз. Ошондуктан, Али Токтакуновдун эң чоң жаңылыштыгы кыргыз тилин одонолук менен бузуп, “647 млн доллар чет мамлекеттерге которулган” –деген жөнөкөй сөздүн ордуна “647 млн долларды чыгарып кеткен” –деп, карапайым элдин канын кызытып жатат? Бул негизи журналисттик этикага жатабы же биздин аркабызда АКШ мамлекети турат деп, кыргыздын ар бир жаранын каралай берсинби?

 

Али Токтакунов бет маңдай дебатта чын болсо эмне үчүн тайсалдады?

2019-жылы 29-майда «Азаттык» ”Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда 2011-2017-жылдары өлкөдөн 700 млн. доллардын тегерегинде акча чыгарылганын билдиргени баяндалат. Бул тууралуу маалыматты төгүнгө чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимов “Азаттык” үн алгысынын журналисти кесиптешибиз Али Токтакунов менен дебатка чыккан.

Бул дебат тасма аркылуу сакталып турат. Искендер Матраимовдун “700 млн долларды чыгарып кеткен тууралуу кантип далилдеп бересиң?” –деген суроосуна “Азаттык” үн алгысынын журналисти кесиптешибиз Али Токтакунов тайсалдап жооп таба албай, “Мен Матраимовдордуку деп айткан эмесмин” –деп, ал эмес танганга аракет кылганы тасмада тарых болуп калды. Бирок, бүгүн кайра арстандай жулуна баштаган себеби, ага буюртма берген тарап шыбагасынан ооз тийгизип койгондой. Эгер Али Токтакунов буюртма менен иштеп жатканы далилдене турган болсо, анда өзүнө гана эмес, маалымат жактан элге алынып калган “Азаттык” үн алгысына да “кара көлөкө” түшүрөрүн билет болду бекен?

 

Али Токтакунов эмне үчүн документтерин көрсөтпөйт?

Финпол бул ишти териштире баштаган соң “Азаттык” үн алгысынын журналисти Али Токтакуновго бул иштерди ачыкташ үчүн кызматташууну сунуш кылган. Эгер Али Токтакунов ”Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүн жарыялап, элге көрсөтүлгөн тасмасындагы документтер колунда турса, эмне үчүн документтерди финполго алып келип көрсөтө алган жок. Мейли, документтин өзүн бергиси келбесе да, көчүрмөлөп көчүрмөсүн алып келсе болмок. Финполдун айтуусунда тергөө тарабынан Али Токтакуновдон 22 миллион 721,3 миң долларга банктын документтери алынды. Бирок журналисттик иликтөөлөр учурунда көрсөтүлгөн жана оозеки айтылган негизги документтер пакети эмгиче ал тарабынан көрсөтүлө элек.

 

Али Токтакуновдун дагы бир жалаасы бекемделген жок

 Текшерүү учурунда белгиленгендей, Saimaiti Aierken жана Wufuli Bumailiyamu физикалык жүздөр тарабынан “Исмаил Матраимов атындагы Фонд” Кайрымдуулук Фондунун дарегине 2.3 миллион доллар которулду деген факты жалган болуп чыкты, бул туура эмес фактты банктык которуулардын жалган документтери менен элди ишендирүү максатында журналисттик иликтөөлөр учурунда тасмарепортажда көрсөтүлүп жана айтылган.

Али Токтакунов бул суммага тиешелүү өз документтерин көрсөтө алган жок. Али Токтакунов тарабынан алоолонтуп от жагып жаткан Saimaiti Aierkenеден фондго которулган 2.3 млн тууралуу документтер фейктен алынганы тууралуу Алканова мурун эле билдирген. Журналистканын айтуусунда Saimaiti Aierkeнин Кыргызстандан чет мамлекетке которгондордун документтери чыныгы болуп саналат. Али Токтакунов финполдун пресс-релизинин –өзүнө керектүү бөлүгүн гана жарыя кылды, ал эми “24.кг”, Кактус толугу менен беришип, финпол Матраимовдун фондуна 2,3 миллион которбогону тууралуу баса белгилеп, Али Токтакуновдон бул боюнча документтерин көрсөтүүнү талап кылып жатышат. 2.3 миллион доллар деп балким Али Токтакунов кимдир –бирөөлөргө ишенип жазып койгондур.

 

Али Токтакунов иликтөөдө жарыяланган документтер жасалма экени далилденген

2019-жылы 15-июнда "Бешинчи канал" "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөткөн. Репортажды даярдаган журналист Элнура Алканова "Азаттыктын" иликтөөсүндө банктын дүмүрчөктөрү деп көрсөтүлгөн кагаздар дүмүрчөк эмес эле, акча которууга билдирме (заявка) болуп чыкканын айткан. Ошондой эле, репортажды даярдоонун жүрүшүндө банк дүмүрчөктөрүнүн чын же калпын аныктоо максатында атайын эксперимент жасап көрүшкөн.

Анда Али Токтакунов иликтөөсүндө көрсөткөн дүмүрчөктөрдө жазылуу Түркиядагы банкка барышып, ошол банктан Кыргыз өлкөсүнө акча которушкан. Акча которуу учурунда билдирме өз колу менен толтурулуп, транзакциянын аягында дүмүрчөк берилген. Ал дүмүрчөк менен "Азаттык" өз иликтөөсүндө жарыялаган дүмүрчөктү салыштыра келгенде, Али Токтакунов көрсөткөн дүмүрчөктө бир топ грамматикалык жана орфографиялык каталар бар болуп чыккан. Иликтөөдө жарыяланган документтер жасалма экенин далилденгенинен "Азаттыктын" коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон таза ниетин кимдир бирөөлөр пайдаланып, ишенимдүү булактары жасалма документтерди сунганбы деген ой жаралат.

 

“Исмаил Матраимов атындагы” Кайрымдуулук Фонду

Бирок “Исмаил Матраимов атындагы Фонд” Кайрымдуулук Фондунун дарегиндеги Wufuli Bumailiyamu 2016-жылдын июнь айында 100 миң доллар жана 99,9 миң доллар которгону тууралуу банк документтери аркылуу тастыкталды. Ошондуктан, Али Токтакуновдон тасма иликтөөлөрүндөгү элге айтылган бардык документтерди көрсөтүшүн финпол суранып жатат. Бул документтер болсо тергөө иштерине өтө зарыл талап кылынып турат.

 Финпол “Исмаил Матраимов атындагы Фонд” Кайрымдуулук Фондунун иш-аракетин кылдаат текшерди. Бул экономикалык иш-аракет жүргүзбөстөн кайрымдуулук менен гана иш жүргүзөөрү белгилүү. Республикадагы банктардын биринде расчеттук эсеби бар, келишим боюнча өз каалоосу менен кайрымдуулук кылгандардын негизинде акча каражаттары куралат. 2014-жылдан 2019 –жылга чейин келишимдин негизинде бул фондго өз каалоосу менен кайрымдуулук кылган ар кайсы физикалык жана юридикалык тараптардын акчаларынын негизинде $1 миллион 439 миң доллар жана 221,6 миң сом болгон.

 

 646 миллион 879 миң 649 доллар чет мамлекеттерге которулган, “чыгарылган эмес”

Али Токтакуновдун чыгармачылыгы менен элдин канын кызытуу максатында “чыгарып кеткен” деген сөз көп колдонулуп жатат. Дагы баса белгилей кетчү сөз бул акча каражаттары банктар тарабынан мыйзамдуу чет мамлекеттерге которулган.Начало формы

Конец формы

Тергөөчүлөр тарабынан бир катар республикадагы банктардын финансылык операциялары кылдаат каралды. Банктык мекемелер номерлөө менен белгиленет. Финполиция каражаттар 11 банктык эсептен Түркия, Кытай, БАЭ, Германия, Латвия, Орусия, Казакстан, Англия, Нидерланды, Швейцария, АКШ, Панама мамлекеттерине, Британ-Виржин аралдарына жана Белизге которулганын тактап чыгышты. Финпол бул каражаттар сыртка которулуп жатканда максаты текстил жана курулуш материалдарын, тетиктерди, тамак-аш азыктарын алуу үчүн деп көрсөткөнүн билдирүүдө.  Мына чет мамлекетке кеткен 646 миллион 879 миң 649 доллардын эсеби:

 Банк № 1 ИП Saimaiti Aierken (Айеркен Саймаити) расчеттук эсеби бар, 2011-жылдан  2014 –жылга чейин Ош филиалында 130 взнос болгон. Взностордун жалпы суммасы 22 миллион 496,1 миң долларды түзгөн. Алардын ичинде киргизилген 1 миллион 414,5 миң сом жана 85 миллион 910 миң рубль. Эсепти кошумчалоого  физикалык жактар жана ИП Saimaiti Aierken өзү катышкан », — деп айтты финпол. Мындан тышкары 22 миллиона 496,1 миң долларга Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ), Германияга, Латвияга жана Орусияга  105 акча которуулар белгиленген. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

 Банк № 2 ИП Saimaiti Aierken расчеттук эсеби бар, 2010 –жылдан 2015 –жылга чейин 368 миллион 16,7 миң долларга  1 миң 280 взносту ишке ашырган. Эсептерди кошумчалоого ИП Saimaiti Aierken өзү катышкан. Бул эсептен 367 миллион 567,4 миң долларга акча каражаттары 1 миң 702 которуулар аркылуу Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ), Германияга, Улуу Британияга жана Нидерландыга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 3 ИП Saimaiti Aierken Aierken расчеттук эсеби бар, 2015 –жылдан 2018 –жылга чейин 80 миллион 780 миң сомго 52 взнос ишке ашкан. Эсептерди кошумчалоого өзү ИП Saimaiti Aierken Aierken, менен бирге ЧП Wufuli Bumailiyamu жана физикалык жактар катышкан. ИП Saimaiti Aierken акча каражаттарын 52 которуулар аркылуу ишке ашырган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 4 ИП Saimaiti Aierken Aierken расчеттук эсеби бар, 2011 –жылдан 2015 –жылга чейин Араван филиалында 6 миллион 538,1 миң сомго 5 взнос ишке ашкан. Эсептерди кошумчалоого ИП Saimaiti Aierken Aierken менен физикалык жактар катышкан. ИП Saimaiti Aierken акча каражаттарын 5 которуулар аркылуу ишке ашырган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 5 ИП Saimaiti Aierken  2014-жылдын ичинде эсебине  9 миллион 577, 5 миң долларлык 16 взностун негизинде  21 акча которуу жолу менен Латвияга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк  № 6 ИП Saimaiti Aierken эсебине 2011 -жылдан 2013 –жылга чейин 14 миллион 611,4 миң сомдук  96 взнос жүргүзүлгөн. Акча 70 которуу жолу аркылуу Кытайга  кеткен. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 7 ИП Saimaiti Aierkeке 2010- 2015-жылдардын ичинде эсебине 10 миллион 424,1 миң долларлык 78 взностун негизинде болгон. Кийинчерек 10 миллион 39,4 миң доллар 78 акча которуу жолу менен Түркия, Кытай, БАЭ, Германияга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 8 ИП Saimaiti Aierkeке 2014- жылдын ичинде эсебине 61 миллион 116 миң долларлык 215 взностун негизинде 216 которуу жолу менен Түркия, Кытай, БАЭ, Латвия, Германияга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 9 «Абдыраз» ЖЧКсы расчеттук эсеби бар счет, 2014 –жылдын ичинде 6 миллион 903,9 миң долларга  17 взнос жасаган. Алардын ичинде 68,6 миллион доллары  ИП Saimaiti Aierken 17 акча которуу жолу менен аркылуу Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ), Германияга, Улуу Британияга, Британ-Виржин аралдарына, Белизге, Панамага жана Казакстанга которулган. Төлөмдөр  курулуш материалдары, тетиктер, тамак-аш  продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 10 ЧП Wufuli Bumailiyamu расчеттук эсеби болгон, 2014 –жылдан 2015 жылга чейин 26 миллион 434,4 миң долларга 113 взнос ишке ашкан. Алардын ичинде  25,8 миллион доллар 104 акча которуу жолу менен Кытайга кеткен. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон.

Банк № 11 «Абдыраз» ЖЧКсы расчеттук эсеби бар счет, 2014 –2019 жылдын ичинде 118 миллион 197 миң долларга  301 взнос жасаган. Алардын ичинде 117 миллион 726,2 миң доллары  ИП Saimaiti Aierken 321 акча которуу жолу менен аркылуу Түркияга, Кытайга, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ), Германияга, Улуу Британияга которулган. Төлөмдөр  текстилдик продуктылар үчүн контракттын негизинде болгон

Бардык физикалык жана юридикалык тараптан 519 миллион 560,3 миң долларга 2 миң 303 взностор болгон. Акча которуу учурунда доллар менен катар башка валюталар да болгон жыйынтыгында 646 миллион 879 миң 649 доллар чет мамлекеттерге которулган.

Муну менен биз кесиптешибиз Али Токтакуновдуку туура эмес деп тыянак чыгаргыбыз келбейт, анткени Матраимовдорду каралоо кимдин буюртмасы экени айдан-ачык көрүнүп калды. Баары жакында ачыкка чыгат!


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости