www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз элине белгилүү инсан, чемпион, бир канча атаандаштарынын далысын жерге тийгизип, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө тааныткан Шайлообек Атазов менен маек куруп учурда коомчулукта талкуу болуп жаткан Райым Матраимов тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине кепке тарттык.
--Шайлообек мырза, акыркы күндөрү “EREM” спорт клубун жетектеп келе келе жатасыз, маалыматтарга таянсак аталган клубдун ачылышына кыска мөөнөт болгону менен бир канча ийгиликтерге жетиштиңиздер. Акыркы учурда социалдык тармактарда саясатка көбүрөөк аралашып, Райымбек Матраимов тууралуу шилтемелерди калтырып жатасыз, ал кишини жакындан тааныйсызбы?
--Акыркы жылдары мурдагы президент Атамбаев Раимбек Матраимовду ашыкча эле каралап таштаган болчу. Чындыгында Матраимов андай адам эмес. Өтө жөнөкөй жакшы инсан. Райымбек Матраимов жөнөкөй эле кыргыздын патриот жигити. Ал кыйналган карапайым элге жардам колун сунган, жетимдерге үй салып берген, алыскы айылдарга таза суу чыгарган, жол, көпүрө салган адам. Көп жылдан бери жаштарга колдоо көрсөтүп, спортко, билим берүү тармагында ошондой эле таланттуу жаштарды өсүшүнө жакындан жардам берип келе жаткан жоомарт инсан. Матраимовдун болгон кемчилиги өзүнүн жасаган кайрымдуулук иштерин эч жерде пиар кылып мактанган эмес, Кудай билсе болду деп жакшылык иштерин жашырып жүрөт.
--Атамбаев Матраимовду мокочо кылып айтып келүүдө, чын эле кандай адам ал?
--Райымбек Матраимовду каралап аткан күчтөр өкүнө турган күндөр келет. Себеби анын өсүп келе жаткан жаштарды колдоодо салымы чексиз, опол тоодой зор. Матраимовдун жөнөкөйлүгү, жоомарттыгын эл жана жаштар баалайт. Учурда ал кишини фейктер атайын саясый күчтөр каралап жатат, алар “жумурткадан кыр, кумурскадан пил” жасап жатат. Ал инсанды жакындан билбегенден кийин мындай жалаа жабуу чоң күнөө. Матраимовду жакындан билген адам катары спорт жаатында иш алып барган инсан катары айтат элем, бул инсан мактанчаак эмес, Атамбаевге окшоп мактанып же арданып ар кайсыны оозуна батканды сүйлөбөгөн сабырдуу инсан. Мына аны каралоо жокко чыгып финпол расмий билдирди. Биз батыштын тыңчыларын эмес, кыргыздын спортун өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан патриот инсан Райымбек Матраимовду колдойбуз!
Булак: NazarNews.kg