www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ализа Солтонбекова министрдин биринчи орун басары болду

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары болуп Солтонбекова Ализа Карыпбековна дайындалды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 4-февралда билдирген маалымат боюнча, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Белгилей кетсек, Ализа Солтонбекова 2020-жылдын 26-ноябрында ошол кезде президенттин милдетин аткарган спикер Талант Мамытовдун буйругу менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалган. Солтонбекова министр кызматында дээрлик үч ай иштеди.

Ализа Солтонбекова 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Эске салсак, 3-февралда Улукбек Мариповдун өкмөтү бекитилип, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтери бириктирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости