www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ферганага жасаган иш сапарында жалпыга маалымдоо өкүлдөрү менен маек курду. Ал өзүнүн президенттик кызматы учурунда эч нерседен коркпоого жана дайыма адилеттүүлүк тарабында болууга чакырды.

--"Силер мага жардамчы, жолоочусуңар. Жеңишибизди да, кемчилигибизди да калкыбызга адилеттүүлүк менен жеткирүүчү күч деп билем. 

Силерден бир нерсени гана суранам, чындыкты элге жеткирүүдөн коркпогула. Артыңарда президент бар. Ал замандар өттү. Эми аркага жол жок. Жалаң адилеттүүлүк, жалаң чындык! Канча көп чындыкты жеткире алсак, ошончолук пайда болот.

Туура, бүгүн кимдир бирөөлөр силерди жаман көрөр. Бирок силер жазган маалыматтарды жактырбаган жетекчилер баары бир соңунда бул маселени  чечүүгө аргасыз болот. Эртеби-кечпи баары бир адилеттик мезгили орнойт. Айтылган сөздөрдүн баары ишке ашат", - деди Мирзиёев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости