www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алманбет Матубраимов: «Бизге директорлор кеңеши керек эмес»

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Алманбет Матубраимов директорлор кеңеши керек эместигин билдирди.

«Акционердик коомдордун 500 миң сомго чейин маяна алган директорлору керекпи? Булар мамлекеттүүлүккө канчалык пайда алып келет? Көз карандысыз мамлекеттик комиссия түзүп, ачыкка чыгарса, эл баарын билет. Алар Жапаровго жардам беришмек»,  - дейт Матубраимов.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Социалдык өнүгүү министрлигинин бириктирилишин туура кадам деп эсептейт. Дүйнө жүзүндө бардык маселелерди департаменттер эле чечип жатканын эскертип, Кыргызстанда да бир топ министрликтерди бириктирүүнү сунуштады.

«Биз милдетин, функциясын, жоопкерчилигин кошо карашыбыз керек. Бизде баарынын укугу бар, бирөөнүн да жоопкерчилиги жок. Учурдагы өзгөрүүлөр боюнча кызматкерлердин жоопкерчилигин так аныктаган Жогорку Кеңештин токтому же президенттин указы керек. Болбосо, эч ким иштебей, айлыгын алып жүрө берет», - дейт Матубраимов.

Последние новости