www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда өз кызыкчылыгын коргобогон кыргыз элине күн-түндү билбей кызмат кыла турган эл уулу керек. «Кыргыздар, кызмат кылып берем» деген уул-кыздарыбызды падыша, ажо деп жасакерленбей эле «элдин кулу» («слуга народа») деп жатасак да жарашат! Мүмкүн ошондо элге кызмат кылып берүүгө чыныгы азаматтарыбыз баш көтөрүшөт беле? Бул сунуш боюнча белгилүү инсандарыбызга суроо узаттык.

Бекташ Шамшиев, журналист:

- Антпей эле «президент», «премьер-министр», «аким», «облаким», «айыл өкмөт» деп эле өз аты менен атаган туура го... Ажо, президент эмес, король, падыша, император деле ошондой. Чыныгы иштеп бере турган мекенчил кыргыз уулдарын кандай атабайлы, эл үчүн мандай терин төгөт.

Ленара Ниязбекова, коомдук ишмер:

- Жаңы шайланган президентибиз акжолтой болуп, элине, жерине күйүмдүү, адамдык эрк, абийир, мээрим, каармандык берсин ылайым!

Албетте, бийликке келген адамдарды болсо да, болбосо да мактап-жакгап атып, өзүбүз жолдон нечен жолу чыгардык. Кыргызда жакшы сөз бар: «Жандооч кийик аттырат» же «Вазир жакшы - хан жакшы» деген. Бүгүн бийлик бутагында тургандарды Конституцияда кандай аталса, ошондой атоо максатка ылайык. Ар ким оюна келген аталыш менен атай берүүсүнүн өзү Конституцияга карама-каршы аракет. Азыр баардык бийлик бутактарында жетекчилерди «шеф» деп атап, өтө чоң ката кетирип жатышат. «Шеф» деген сайын алар мамлекеттик бийликти атасынан калган мурас катары кабылдоодо.

Булак: Азия News гезити

Последние новости