www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Садыр Жапаровдун эмнеге президенттик шайлоо алдындагы теледебаттарга катышпагандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

«Эл арасында дебат десе эле атаандашына айран чачып, күнөө жапса ошол кыйын деген түшүнүк бар. Дебат деген бул – адамдын акыл-эсин, жөндөмүн, чын же калп айтып жатканын ачып берет.

Коомчулукта Садыр Жапаров дебатка келбей, элди сыйлабаганын көрсөттү. Ал өтпөйт» деген сөздөр айтылып жатты. Тескерисинче, ошол дебатка келгендер өздөрүнүн чыныгы саясий деңгээлин көрсөтүп коюшту. Башталганда эле жамандамай, агрессия болуп жатты.

Дебатка келип эми бир эле алып баруучулар менен айтышып-талашып кетесиң. Микрафонду берсең эл деле курч суроолорду бере алат. Менин оюмча, дебаттан көрө, эл менен бетме-бет жүздөшүп баарлашып, арыз-муңун укканга эч нерсе жетпейт», - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости