www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-ноябрда Садык Шер-Нияз менен Садыр Жапаров жолугушуп, өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулашты. Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен өткөн бул сүйлөшүүдө президенттикке аттангандар консенсуска келишкенин Шер-Нияз белгилеп, өз талапкерлигин алып салууну чечкенин маалымдады.

Элдин 70%ы Жапаровду колдоп жатканын айткан Шер-Нияз, кабыл алынган чечим анын тарапташтары менен кеңешилгенин айтат. Ал эми саясий талдоочулардын пикиринде, саясатчылардын позицияларын алмаштыруусу, соодалашуусу сыяктуу көрүнүштөр дүйнөлүк саясий тарыхта деле болуп келген

Алмазбек Акматалиев, саясат таануучу:

“Шайлоонун өңүтү – калган бүт талапкерлер жалгыз Садыр Жапаровго каршы иштегени калды! Алар бириксе чоң күчкө айланмак, бирок бириге алышпайт. Ошон үчүн Жапаровго каршы добуштар абдан чачырайт, Жапаров болсо өз добуштарын баары бир алат!

Ушул себептен азыр коомдук пикирде “Жапаровго таш ооп калды” деген терең пикир орноду. Ушуну чын эле калыс анализ жасаган талапкерлер четинен жыдый башташты. Бул демократиялык эле көрүнүш. Мындан ары да андайлар боло берет.

Кээ бирөө жөн эле өзүн көрсөтөм деп чыкты, дагы бирөө тек гана соодалашууга, үчүнчүсү арканды алыс таштап жатышат, төртүнчүсү чын эле өз күчүнө ишенип чыкты... Бул да жакшы көрүнүш! Баарын эл 10- январда чечет... Негизги саясий күрөш али алдыда...”, - дейт саясат таануучу.

Булак: "Азия News" гезити

Последние новости