www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин ишине байланышкан сот отурум кайрадан жылдырылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы бүгүн, 30-декабрда Азирет Медеров чыгарды.
Бүгүнкү сот отурум саат 14:00дө башталды. Бирок Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сотко келген жок. Берилген маалымдамага ылайык, анын тиши ооруп жаткан.
Белгилей кетсек, соттук өндүрүштө 3 кылмыш иши каралмак. Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу, мыйзамсыз баюу жана Кой-Ташта 2019-жылы 7-8-августта болгон баш аламандыктарды уюштурууга айыпталып жатат.
Ошондой эле айыпталуучулардын арасында депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шадиев, мурунку мэр Албек Ибраимов, мурунку ички иштер министри Абдулда Суранчиев жана башкалар бар.
Ал эми кийинки сот отурум 13-январда өтөт.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg