www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-  Алмазбек Манасбекович, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча сиздин көз карашыңыз кан-дай?

- Казак кошуналар «Коопсуз шаар» долбоорун 2010-жылы башташкан. Алматы шаарында 17 көчөнүн кеси-лишине камера койгондо ошол камералар жарым жылда 830 МАИ кызматкеринен көбүрөөк каражат чогултуптур. Ошон үчүн Алматы шаарынын мэри МАИчилердин көчөдө туруусуна тыюу салып, «алар машинада гана жүрсүн, эгер кайсы бир айдоочу жол эрежесин бузчу болсо, аны артынан барып гана кармаса болот» деп буйрук чыгарган. Ошон үчүн биз да «айып пул көп экен» дебестен, алдыга жылышыбыз керек. Бишкек эле эмес, Бишкек-Ош, Бишкек-Каракол трассаларына да коюу зарыл. Камераларды канчалык көп коюп, канчалык тез ишке киргизсек, элибиздин коопсуздугун камсыз кылып, маданияпуулукка алып келебиз да.

-  Комитеттеги талкууларды тыңшап отурсам, кээ бир депутаттарда «камералардын баасы кымбат, аларды орноткондо өзүн-өзү актабайт го?» деген күдүктөнүү бар экен. Сиздин оюңузча, актайбы?

- Бир-эки жолу айып пул төлөгөндөн кийин жол эрежесин бузгандар 50-60 пайызга чейин азайышы мүмкүн. Бирок, такыр эле жок болуп

кетпейт. Россиялык «Вега» компа-ниясы менен түзүлгөн келишимде беш жылдын ичинде өзүн-өзү актабай калса, мамлекет кошумча акча төлөп бериш керек, же камераларды кайра бузуп алып кетери боюнча пункт жок. Алар эми бизнесмендер да. Өздөрүнүн акчасын аябай жакшы санашат. Дүйнөлүк статисгаканы карашты, камералар коюлгандан кийин жол эрежесин бузуулар канчага азайган, ошолордун баарын эсептеп чыгышты да.

- Анда биз камераларды орноткондон дегеле уттурбайт турбайбызбы?

-Жок.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости