www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БЧКнын боюнда,
Бишкек шаардын койнунда.
Акысын төлөп кепеде,
Жылдызы жанган чекеде.
Жашоочу экен жеке таз,
Кара-Кулжадан экен жубай шак,
Талгак болуп балыкка,
Таап кел деп аны кубалайт.
Базарга барып алалбай,
Балыкты издеп таба албай,
БЧКга жөнөйт дейт,
Кайырмак, торун кармалай.
БЧКга барыптыр,
Кайырмагын салыптыр.
Калчылдап абдан үшүптүр,
Караса алтын балык түшүптүр.
Алтын балык кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
- Коё бер мени деңизге,
Келерсиң тузуң кемисе.
Боор ооруп аны коё берет,
Үйүнө түш оой келет.
Кур келген үйгө жолдошун,
Жубайы кантип колдосун.
Кабарды андан угуп шак,
Какшап, тилдеп урушат:
- Балыкты издеп табасың,
Катынды өзүң башкарып,
Хата куруп аласың!
«Алтын балык кайда» - деп,
«Көрсөт эми пайда» - деп.
Жубайдын сөзү жагыптыр,
Жеке таз БЧКга барыптыр:
- Өзүм деле жаш элем,
Эмгегим деле аз эле.
Чырайлуу жарым Советтен,
Хата куруп тезинен,
Пайдалан дейт моменттен.
Үйдү салам эмне экен,
“Илибойунан” кем бекем?
Балыкка айтып койгун, дейт
Хатаны өзүң чойгун, дейт.
Анда балык кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
- Убара болбой бара бер,
Хатаны мыктап сала бер.
Үйүнө безип барыптыр,
Караса хатасы
Хансарай болуп калыптыр.
Убакыт өтүп арадан,
Жубайы чыгат кайрадан:
- БЧКга баргын, - дейт,
Жазуучу болуп алгын! - дейт.
Үйдөн куулган себеп деп,
БЧКга келет дейт:
- Буга чейин жаш болдум,
Бекерлерге мас болдум.
Эмгегим жок татыктуу,
Эптеп эми басып чуу.
Сөзгө эми келгин,- дейт,
Жазуучуну бергин! -дейт.
Алтын балык келиптир,
Калем сапты бериптир.
Таланты жок жаздырып,
Чоң эр болуп алыптыр.
Жазуучудан биринчи,
Номер болуп алыптыр.
Көзгө илбей Фаридди,
«Гомер» болуп алыптыр.
Жайганы анын тор болуп,
Жүргөн кезде УКМК,
Кой-Таш жакта кор болуп,
Чемоданды ташыбай,
Иштери улам зор болуп.
Доллары үйгө толуптур,
Атактуу адам болуптур.
Калып өзү байлоодо,
Кайын үкасы болсун деп,
Депутат сурайт шайлоодо.
Жубайы жөн турбаптыр,
Кайын үкасына дагы эле,
Комитетти сураптыр.
Кайрадан аны бурап шак,
Кара-Балта тараптан
Жалама алтын суратат.
Убакыт өтүп арадан,
Кемпири чыгат кайрадан.
Сөз баштайт дейт жумшактап,
БЧКга жумшап шак.
Кемпири айтат сумсайган:
- Болду эми башка жумшабайм,
Иштей турган убагың,
Лейлек деген катта жер,
Акимдикти сурагын!
Карып эми сен дагы,
Калк менен тең болдуң,
Кара-Кулжага жээн болдуң.
Жөнөйт экен абышка,
БЧКга алыска.
Алтын балык кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
- Карасаң боло кудайды,
Башкара албай жубайды,
Акимдикти сурайбы?
Мейли Лейлекти беремин,
Бирок элди жебегин!
Алтын балыкка жагыптыр,
Лейлек жакка төз эле,
Аким болуп барыптыр,
Тактыны болсо эбакта,
Илмиянов ээлеп алыптыр.
«Бери кел!»- деп чакырат,
Ээ-жаа бербей бакырат:
- Эл көзүнө дайыма
Аким сымал жүрөсүң.
Тарп аңдыган жорудай,
Таасын сөздү сүйлөйсүң.
Эл көзүнө Икраммын,
Айтканымды аткаргын,
Мен билемин ар дайым!
Жалтырак баш ойлоптур,
Икрам соруп тойлоптур.
Кемпири жини келип Икрамга,
Абышкасын чакырат.
«БЧКга жөнө!»- деп,
Көпкөн кемпир бакырат:
- Сага эми артыкча,
Жубай болгум келет, - дейт.
Лейлек жакты башкарган,
Кудай болгум келет! -дейт.
БЧКга алыска,
Барат байкуш абышка.
Кармап алтын балыкты,
Айтат болгон тарыхты.
«Ойлоном» -деп кичирээк,
Кымбат баалуу арактан,
Кыйнап балык ичирет.
Таз гитараны алыптыр,
Чаң-тополоң салыптыр.
Кайрып жатып обонду,
Каалгып, уктап калыптыр.
Көзүн ачып караса,
Мына кызык тамаша.
Эски тепши кучактап,
Лейлеги жок кемпири,
Отурат дейт жанаша.
Гитарадан тамтык жок,
Кылдары бирден суурулуп,
Алтын балык турат дейт,
Тарелкада куурулуп.
Радиодон турат дейт,
Орус обон угулуп...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg