www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен иштеп жаткан «антикино» мекемелеринин ишмердүүлүгүн аныктоо жана алдын алуу максатында ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө борбор калаанын аймагындагы ушундай кызматтарды көрсөтүп жаткан бир катар жайлар текшерилди. Өзгөчө көңүл жаш өспүрүмдөрдүн жана жаштардын обочолонуп отуруусуна шарт түзүлгөн жайларга бурулду. Мындай жагдайлар айрым учурда административдик укук бузууларга же башка мыйзамсыз аракеттерге алып келиши мүмкүн.
Текшерүү учурунда аталган жайлардын администраторлору жана ээлери менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ишкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары, ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү тартиби, өрт коопсуздугу эрежелери, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуу жана жашы жете электердин кароосуз калуусунун алдын алуу боюнча нормалар түшүндүрүлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин да Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан ушундай рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, айрым «антикино» мекемелеринде жашыруун притондорду уюштурууга жана башка мыйзамсыз иштерге шарт түзүлгөн фактылар аныкталган.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын ИИББгы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү кайрылуу жолдоп, өсүп келе жаткан муунга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон мындай мекемелердин ишин чектөө же жабуу маселесин кароону сунуштаган.
Бишкек шаарынын ИИББгы көңүл ачуучу жайлардын ээлерине мыйзамсыз аракеттерге шарт түзүүгө жол берилбеши керектигин эскертет. Мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылат.