www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Манас районундагы иш сапарынын алкагында Семетей айылындагы маданият үйүнүн абалынан да кабар алды.
Бул маданий жай 1958-жылы курулуп, ишке берилгенине жетимиш жылга чукулдап калган. Андан бери утурумдук оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнү менен эскилиги жеткендиктен, жаңысын куруу зарыл. Ал эми маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Төрагага курула турган көп функционалдуу маданий жайдын типтүү долбоорун тааныштырды.
Марлен Маматалиев тиешелүү жетекчилерге сунушталган долбоорду ишке ашыруу үчүн курулушу керек болгон титулдук тизмеге аталган маданият үйүн да кошуу тапшырмасын берди.
«Эртең долбоор ишке ашпай калды деген сөз болбошу керек. Тиешелүү мекемелер керектүү иштерди жүргүзүп, Семетей айылына жаңы маданият үйүн куруп бериши кажет. Анткени, бул маданий жай жергиликтүү эл үчүн өтө маанилүү», – деди Төрага.