www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антисептикке ууланып жети киши көз жумду

Якутияда антисептикке ууланып жети киши каза болуп, дагы экөө оор акыбалда ооркунада жатат. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  үч күн мурда Якутиянын Томтор айылынын тургундары беш литр антисептик сатып алып ичишкен. Кол тазалоочу антисептикти ичкен соң үчөө ошол жерден каза болушкан. Төртөө эртеси көз жумуп, экөө оор акыбалда ооруканага жеткирилген.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы мындай учур катталып, кол тазалоочу антисептикке Индиянын жана Түркиянын тургундары ууланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости