www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Асыл апам...сен дегенде
Жарык дүйнө. Ай ааламга нурун чачат, өмүр берет, жашоо берет. Үмүт, максаттар бүрдөп келет. Ох, жарык дүйнөнүн керемети кандай ардактуу, кандай урматтуу. Ушундай жыл кереметти эне тартуулайт. Ошондуктан, эненин бутунун асты бейиш, чынында бейиш. Бизди жарыкка алып келген беш уул-кызыңды таштап, тозокко салгандай болуп кыйналдым. Бизди эрежеге жеткирип, окутуп, ыраматылык апам билим алууну биринчи орунга коер эле. Атүгүл, үйдөгү майда-чүйдө жумуштарды бизге жасатпай, бар, сабагыңды оку андан көрө деп айтканы азыр да кулагыма угулуп турат. Бирок апамды оорун колдон жеңилин жерден алып, жанында эмне кылса, ошону кылып, жардам берип чоңойдук. Анын берген тапшырмаларын баарын так аткарчубуз. Өзү болсо дилгир эмгекчил колунан көөр төгүлгөн асылкөй уз адам эле Кесиби болсо тикмечи Тикмечи адамдын жакасын агартат сулуулугун арттырат Эмгек жолун Балыкчы шаарынан баштап Чолпон-Атадагы Тиричилик комбинаттарында уланткан Көп жылдар эмгектенген кезегинде тажрыйбасы мол болгондугу үчүн ар кандай кароо-сынактарга активдүү катышып, Ардак грамоталардын ээси болгон. Мен, эжем, сиңдим апамдай болуп тикмечи болгубуз келип, жанына барып үйрөнүп алалы дечүбүз. Апам болсо кайра бизди “сабак окугула, муну эмне кыласынар” десе, биз апамды жаман көрүп калчубуз. Көрсө апамдын кесиби абдан түйшүктүү көздүн майын алган ал эмес ден соолукка зыян экендигин билип бизге залакасы тийбеси деген тилеги менен татаал кесибинен арылтайын деген экен... Ал кесиптин терс таасирин эми билдим. Эртеден кечке отура бергенден, адам ар кандай ооруга чалдыгат. Бир эле сантиметр же миллиметрден туура эмес ченеп кесип койсоң бир кийим бүтүн жарабай калат. Эмгегиң болсо, текке кетет. Мына ушундай оор кесипти апам өмүр бою аркалап жүрдү.
Кийин союз урагандан кийин апам соода-сатык менен алектенди. Бир жерде турбаган, жоктон барды чыгарган адам эле. Биз да жөн турбай, "оорун колдон алып, жеңилин жерден алып",- дегендей жанында жүрүп кошо соода кылып көптү үйрөндүк десем жаңылышпайм.Огородко алма өрүк алча кара өрүктүн түрлөрүн алып келип, тигип аларды балдарындай багып өстүрдү. Дасторконго жер-жемиштерди толтурган. Берешен эч нерсесин аябаган жадырап-жайнаган айым эле.
Жаңы жыл, Нооруз, 8-март, туулган күн сыяктуу майрамдарды кимди куттуктаарымды билбей ичимен бушайман болуп жаман болом. Апам ар дайым менин жүрөгүмдө!
Апамдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Жазгүл Урмамбетова,
Булак: NazarNews.kg