www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукту дүрбөлөңгө салган Москвадагы кылмыштуу топтордун кагылышуусуна Азиз Батукаев аралашкан. Бул тууралуу Орусиянын атайын кызматы билдиргенин орус басылмалары жазып чыгышты.

Орус басылмалары Надир Салифов Орусиядагы таасирдүү мыйзамдагы ууру экени, бул окуя Азиз Батукаев үчүн чоң маселе жаратышы мүмкүн экени жазышат. Ал эми Батукаевдин көзүн кызарткан бул үч базарды буга чейин Салифов көзөмөл кылып келген. Ошондой эле басылмалар ал өз капчыгына агылып түшүп турган кирешени коргоо үчүн 700дөн ашуун куралданган балдарын алып чыкканын, ал эми  Батукаев Салифовго маселени тар чөйрөдө чечишүүнү сунуш кылганын жазышат.

Эскерте кетсек, 2014-жылы 9- апрель күнү “мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаевге Атамбаевдин бийлиги “ак кан” оорусу менен жабыркагандыгына байланыштуу мөнөтүнөн мурун бошотуу чечимин чыгарып, ошол учурдагы ИИМ, УКМКныны кызматкерлеринин коштоосунда Чеченстандын Грозный шаарына учуп кеткен. Ушул күнгө чейин кыргыздын канча деген жарандарынын канына забын болгон кылмышкердин эркиндикке чыгып кеткени үчүн бир да адам жоопко тартыла элек. Андагы маалыматка таянсак, Орусиядагы мыйзамдагы ууру  Надир Салифов менен Атамбаевдин бийлиги алты күндө өлөт деп ардактап узаткан Азиз Батукаевдин тарапташтары Москва шаарында жайгашкан  үч ири  базарды көзөмөл кылууну талашып, чечишүү үчүн чогулушкан. Бирок, күч органдарынын атайын тобу кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн жаңжал чыгаруусуна бөгөт коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости