www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) Кыргызпатенттин төрагасы Досалы ЭсеналиевдинИнтеллектуалдык менчиктин бүткүл россиялык уюмунун (ИМБРУ) башкы директору, Укук ээлеринин коомдоштуктарынын Евразиялык конфедерациясынын башкы катчысы, IPChain ассоциациясынын президенти Андрей Кричевский менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты Кыргызпатенттин басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева билдирди.
Кыргызпатент Интеллектуалдык менчиктин бүткүл россиялык уюмунанавтордук жана чектеш укуктар боюнча автордук сыйакыны бөлүштүрүү боюнча программалык камсыздоону алуу жөнүндө келишимге жетти. Маалым болгондой,Кыргызпатент Укук ээлеринин коомдоштуктарынын Евразиялык конфедерациясынын мүчөсү болуп саналат.
Жолугушуунун жүрүшүндө укук ээлеринин кызыкчылыктарын жанаукуктарын коргоо, интеллектуалдык ишмердиктин натыйжасына укуктарды коргоо жана жаратууну иш жүзүнө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар үчүн санариптик аянтча түзүүмаселелери, автордук сыйакыны чогултуу жана бөлүштүрүү механизмиталкууланды.Жолугушууда эл аралык тарамдын алкагында өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүктөрү жана санариптик чөйрөдө интеллектуалдык укуктардын рыногунун стандарттарын, технологияларын жана куралдарын калыптандырууга басым жасалды.
Булак: NazarNews.kg