www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тагдыр бизге кандай сыноо камдап турганын эч кимибиз билбейбиз. Дегеним бир убакта «Периштем» тобунда ырдап жылдыз болуп жүргөн айым учурда таптакыр башка жашоодо жашайт. Жети жылдан бери баласынын оорусу менен алышып, оор күндөр менен күрөшүп келе жаткан ырчы редакциябызга баш багыптыр.

«Акчам көп эле, тандап жеке менчик төрөтканадан төрөдүм»

– Жалгыз уулум Мехти 7 жашта. Турмушка чыккан соң жумушума байланыштуу 2-3 жыл балалуу болбой турууну чечтик. Кийин боюмда болуп, 2010-жылы көз жардым. Биринчи балам болгондуктан өзүмө аябай жакшы карап, ооруканага убагында барып көрүнүп баары жакшы болчу. Катталганым боюнча 2-төрөт үйүнөн төрөмөкмүн. Бирок ошол учурда ал төрөт үйүндө балдар өлүмү болуп жатканын уктум. Эсим чыгып 4-төрөт үйүнө төрөйүн десем, ал жакта балдарды сатып жиберген фактылар бар экенин айтышты. Анан тааныштарымдын мактаганы боюнча жеке менчик төрөтканадан төрөй турган болдум. Ал кезде акчам көп, жашоом жакшы эле. Ай-күнүм жетип 3 кг 200 гр салмактагы балканактай уул төрөдүм. Негизи бала төрөлгөндө энесинин көкүрөгүнө бир топ убакыт жаткырат го, менин баламды 3 мүнөттөй жаткырып эле алып кетип калышты. Ошондо бала кыйналып калганбы деп шекшип, бирок оюма алган эмесмин.

“Төрөт учурунда баламдын бооруна кан уюп калыптыр”

– Андан кийин да баланы улам алып кетип калышат, мага эч нерсе айтышпайт. Биринчи балалуу болуп эч нерсе билбегенге баарына макул болуп жата бериптирмин. Бир күнү да баламды алып кетип, көпкө жок болушту. Акырын артынан барып карасам, баламды чоң лампанын алдына жаткырып алып денесин карап атышыптыр. Сурасам баары жакшы экенин, ар бир баланы ошентип текшерүүдөн өткөрүшөрүн айтышты. Анан үйгө чыгып келдик. Балам тың болчу, жакшы эмчү. Үйгө келгенден 2-3 күндөн кийин эмчек эмбей, денеси саргая баштады. Эсим чыгып мен төрөгөн ооруканага чалсам: «Биз жакшы төрөткөнбүз», - деп коюшту. 3-балдар ооруканасына барсак дарыгерлер текшерип эле бала төрөт учурунда сокку алган дешти. УЗИге тартышса, боорунда чоң уюган кан турат. Бала назик болот экен, көрсө мээрман айымдар төрөт учурунда баланын боорун катуу кармап койгондон боорунда гематома пайда болуптур. Дароо жандандыруу бөлүмүнө жатып калдык. Ошол күндөн баштап ооруканадан башым чыккан жок. Баламды: “Мына өлөт, ана өлөт”, - деп атышып, дарынын күчү менен эптеп сактап калышты. Баланын денеси саргайганда билирудин деген уу бөлүнүп чыгат экен. Ошону толук тазалаганда, бала ден соолугу чың калмак экен. Тилекке каршы, дарыгерлер тазалай албай калышты. Мени төрөткөндөрдүн үстүнөн сотко арыз жазайын дегем, бирок баламдын ден соолугу менен алышып жүрүп убакыт өтүп кетти. Беш айдан кийин барып жетекчисине чейин кирдим, алар: «Өзүңөр бир нерсе кылгансыңар», - деп кайра мени күнөөлөп такыр моюндарына албай коюшту. Кылгандарын Кудайга коюп, ыйлап кала бердим. “Тандаган тазга жолугат” деген мен болдум.

“Уулум окумак турсун отурууга жарабайт”

– Ошондон ушул күнгө чейин жылына эки жолу ооруканага жатып жашап келебиз. Билирубдин ымыркай төрөлгөндөн 2-3 күндөн кийин кетиши керек экен. А менин баламдыкы, тескерисинче, улам көбөйүп атты. Ал мээге тээп кетсе, бала адам болбой калат экен. Уулумдун мээсине бир бөлүгү тийип, аны ошол эле майыптыкка алып келди. Баламда отуруу, басуу деген болгон жок. Мойнун токтото алчу эмес, азыр Кудайга шүгүр, мойнун кармап, буттары кыймылдап калды. Жетелесем 1-2 кадам басат, бирок колдору менен эч нерсе кармай албайт. Быйыл 1-класска бармак, бирок минтип майып болуп, окумак турсун отура албай жатат. Эне гана баарына түтөт экен, ата болсо бала оорулуу төрөлүп калса, артын карабай качат тура. Баламдын ооруганы бир сокку болсо, ушундай оор шартта күйөөмдүн кетип калганы андан катуу сокку болду. Азыр атасы кээде сурап, анча-мынча жардам берип калат.

«Бир кезде Райхан Абдубалиеванын оң колу элем»

– Учурунда Райхан Абдубалиева жетектеген «Периштем» тобунун солисти элем. Райхан эже талантымды баалап, оң колу кылып алган. Кыздарга баш көз болуп жүрчүмүн. Ырчы Гулянда жакын досум болчу, биз ырдап жүргөндө анын үнү такшала элек болгондуктан, бийлеп жүрчү. Биздин топ бир жолу гастролдоп келдик да, ошол бойдон иштебей калдык. Динара Акулова, Ильяз Абдразаковдор менен да иштешкем. Алар азыр мени көрсө таң калышса керек. Турмушка чыккан соң жолдошум ырдашыма каршы болуп, фирмада иштеп калгам. Кийин баламдын оорусу менен алыштым. Эгер балам оорубаганда, азыр сахнадан ордумду таап калат белем дейм. Балам кичине кезинде тойлорго барып ырдачумун. Азыр ырдабай да, ыр жазбай да калдым. Стресстен улам толуп да кеттим. Айтор, өзүмдү таштап койдум. Баламды менден башка эч ким карай албагандыктан, иштебей эле үйдө отурам. Ата-энем, бир туугандарым жардам беришет, анан балама 3 миң сом жөлөк пул алам. Мурда уулума кошуп, башка балдарды карап каражат тапчумун. Кийин ал чоңойгон сайын түйшүгүм көбөйүп аны да токтоттум.

“Балам экөөбүздүн жаркын жашообуз кайрымдуу калктын колунда”

– Максатым баламды айыктыруу гана. Өткөндө Түркиядан келген дарыгерлерге алып барсам, баламдын айыгуусуна мүмкүнчүлүк бар экенин айтышты. Чынында балам акылдуу, баарын түшүнөт, китеп окуп берсем угат. Эми сүйлөй баштады. Түрк дарыгерлери толук айыктырууга 32 миң доллар керек дешкен. Бул мен үчун абдан чоң сумма болгондуктан, чогулушуна ишенбей сарсанаа болуп аткам. Кийин изилдесем Израилдин дарыгерлери Иранга келип турушат экен. Иранга барып баламды айыктырууга 5-6 миң доллар жетерин билдим. Ошондуктан азыр баламды айыктыруу максатында элден жардам сурап атам. Эми балам экөөбүздүн жаркын жашообуз кайрымдуу калктын колунда болуп калды. Жакшылык алдыда деп ишенем. Кол сунуңуздар.

ЭлСОМ: 0551 181585

Динара Чокоева

Булак: "lady.kg"

Последние новости