www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын өкмөтү Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү менен мыйзамсыз миграция уюштургандарга карата жазаны күчөтүүдө.

Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграция уюштургандарды 3 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстанда мыйзамсыз миграция уюштургандарга 30–60 миң сом (400−800 доллар) айып пул салынат.Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев бул Кыргызстанга болгон иммиграцияга гана эмес, кыргызстандыктарды чет жакка мыйзамсыз жибергендерге дагы тиешелүү экенин белгиледи.

“Мыйзамсыз миграция тенденциясы дүйнө жүзү боюнча көп болуп жатат. Уюштурулган мыйзамсыз миграцияда киши сатуу, элдин акчасын бербей койгон учурлар көп болууда. Ошол үчүн бул мыйзамда жоопкерчилик күчөтүлүүдө. Бул мыйзам Кыргызстандын ичине мигранттарды мыйзамсыз алып келип жаткандарга, Кыргызстан аркылуу транзит менен өтүп жаткандарга жана өлкө ичинен чет өлкөгө алдоо жолу менен чыгарып жаткан тараптарга колдонулат”,-деди ал.

ИИМдин 10-башкы башкармалыгы акыркы беш жылда мыйзамсыз миграция уюштурулган 233 фактыны аныктаган. Тартип сакчылары кылмыштын бул түрү өтө тымызын жүргүзүлүп, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч тийгизерин белгилешет. Ушундан улам ИИМдин коштомо катында мыйзамсыз миграцияга карата жеңил жазанын аягы бөтөн өлкөлөрдүн деструктивдүү элементтеринин Кыргызстанда пайда болушуна шарт түзөрү жазылган.

Булак:ekk.kg

Последние новости