www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Сапар Исаков "ЕАЭБдин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча өз милдетин так аткарган жок" деген негизде айрым министрлерге сөгүш жарыялады. Өкмөт башчынын буйругуна ылайык, экономика министри Артем Новиковго жана Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго сөгүш, экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды. Ошону менен катар Сапар Исаков өкмөт аппаратынын айрым кызматкерлерин иштен алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

30-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексине президенттин каршы пикири жөнүндө мыйзам долбоорун кайра карашкан. Парламент ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда "кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет" деп ката көрсөтүлгөн. Бирок Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси 1-январдан тартып күчүнө кириши керек. Дал ушул катаны оңдош үчүн парламент кезексиз жыйынга чогулганы эл өкүлдөрүн ачууланткан. Айрым депутаттар өкмөттөгү жооптуу аткаминерлерге чара көрүүнү талап кылышкан.

Булак: Азаттык

Последние новости