www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунда апасы сабаган эки жашар эгиздер атасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 6-ноябрда социалдык тармактарда аял кичинекей эгиз балдарын сабап жаткан видео тараган. Бул факты боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы С.Юсупов атындагы айылдын тургуну Д.С. кармалган. Андан кийин Араван районунун Социалдык коопсуздук жана миграция кызматынын адистери жабыркаган балдарды энесинен алып ооруканага жөнөтүп, аларга керектүү жардам көрсөтүлгөн.

Кыздардын ата-энелери никеге турбагандыктан, МТСОМдун Араван өкүлчүлүгү аталыкты аныктоо үчүн зарыл болгон процедураларды жүргүзгөн. Анан балдарын Россиядан кайтып келген атасына өткөрүп берди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости