www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам дайым ой жүгүртүү менен жашайт эмеспи. СССР Американын арам саясаты менен ойрон болуп, эгемендүүлүккө тагдырдын белеги сымал ээ болгон 30 жылга жакын убакыттан бери дегеле жарытылуу өсүп-өнүгө албай келе аткандыгы мен сыяктуу эле миңдеген мекендештерибиздин жүрөгүн өйүгөн, көкөй кести маселе.

Албетте Кыргызстандан чыкпай жүрө берсең телегейи тегиздей көрүнүп, сезиле берет. Андыктан шарт болсо четке чыгып, ой чабыттатып, көздү ачып келүү абдан зарыл экенин байкадым. 2013-жылы ЮНЕСКОнун жыйыны Баку шаарында өтүп, белгилүү сүрөтчү Жаныбек Рай, «Көкөтайдын ашы», «Абыке, Көбөш», «Тайторунун чабышы» көркөм полотнолорун жаратып, мен беш жыл бою продюсерлик ишти аткарып түмөн түйшүк кечирген мээнетибиз жанып, ал дүйнөлүк иш чарага катыштык. Негизги сүрөөнчүлүк ишти Карганбек Самаков аткарып, бирок ага аны ынандырып, максатты ишке ашырууга көп аракеттерди жасоого туура келди. Он күндүк дүйнөлүк иш чарада Азербайжан мамлекетинин гүлдөп өсүп жатканын өз көзүбүз менен көрдүк. Теледен Азербайжан мамлекети эгемендүүлүк жылдарында көп жыл бою граждандык согуштан башы чыкпай, саясый, социалдык туңгуюкка кептелген ошол мезгилде иши жок, өмүрлүк жубайынан ажырап, жашы 64кө карап калган Гейдар Алиевди эл суранып, Азербайжанга алып келип, президенттикке шайлап, анан ал өз өлкөсүн аталган туңгуюктан алып чыгып, экономикасы өнүккөн, гүлдөгөн өлкөгө айлантканын көрдүк. Эстен чыкпаса Азербайжандын бюджети 50 млрд доллар экен. Маданият министрлигинде 2-3 жыл иштеген жаш чиновник эмгек акысы 750 доллар экенин ал эми министрдин айлыгы 2000 доллар экенин айтканы эсимде. Эки жыл катары менен Казакстандын Жамбыл облусуна делегация менен барып, казак чиновниктери коомчулук өкүлдөрү менен баарлашып, алардын эмгек акыларын угуп суктандык, бир эсе биздин өлкөнүн абалына зээниң кейийт.

Алар облустук жетекчи чиновниктердин эмгек акылары 1.500 доллардан 2000 долларга чейин экенин айтып беришти. Мына ошондо Казакстандын эл башчы Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын бюджети Алматы шаарынын бюджети менен барабар экендигин айтканда ал кездеги президентибиз Алмазбек Атамбаев катуу чычалаганы эске түштү. Нурсултан Назарбаев ачуу болсо да чындыкты айткан. Себеби жакында ЖК депутаты Алманбет Шыкмаматов эл аралык абройлуу уюмдун маалыматы боюнча өлкө бюджетине 37 млрд. сом көмүскө экономикадан түшпөй жаткандыгын, көпчүлүгүн чиновниктер сол чөнтөккө солоп жатканын парламентте билдирди. Ошондон улам 20 млрд. сомдун тегерегинде жыл сайын таңкыстык жаралып келет «өгүз өлбөсүн араба сынбасын» абалда. Өкмөттө болсо орточо айлык 17000 сомдон ашык деп уялбай айтса бюджеттегилердин айлыктары 6-7 миң сом экендиги жүз миңдеген бюджеттик кызматкерлердин эмгек акылары менен ташка тамга баскандай далилденип турат. Ал эми 2019-жылдын 9 айында 2 млрд. 412 млн сом салыктан, бажыдан 4 млрд сом бюджетке кем түшкөнү маалым болду. Өкмөт милиция жана мугалимдердин эмгек акыларын бир аз көбөйткөн менен ондогон тармактардын эмгек акыларын көбөйткөндү унутуп койду. Тесксрисинче кымындай эмгек акылары менен күн көргөн адамдардын штаттарын кыскартууда. Мисалы өткөн жылы 7-майда КР Өкмөтү №227 токтом менен өлкөдөгү райондук гезиттердин эсебинен 64 кызматкерди кыскартуу боюнча 7 медиа борборду түзүү боюнча токтому чыккан.

Мына ушул токтом менен Өкмөт оптимизация дегенин токтотсо болмок. Бирок маданият министрлиги өлкө боюнча 300 кызматкерди кыскарткан сунушун Өкмөткө берген. Ошентип аталган министрликтин жагынуучулук мамилесинен улам жүздөгөн кызматкерлер ишсиз калганы турушат. Дегинкиси Түгөлбай Казаков министрлик кызматтан кеткен соң, бир эки чиновник жергиликтүү журналисттерди эксперименталдык оюн талаасына айландырып алды. Министрдин мурдагы орун басары Айнура Темирбекова жана маалымат жана коммуникация департаменти иш аракеттерин адилетсиз, бир жактуу жүргүзүп, жергиликтүү гезиттерге өгөй мамиле жасаганды адат кылышты. «Токочтуу бала сүймөнчүктүү» дегендей облустук телевидениелердин бир тараптуу мамилелеринен чыга алышпай, 10 облустук, 30дан ашык гезиттердин көйгөйлөрүнө көз жумуп, төрт жыл бою чыңалууну жаратып азыр чегине жетип турган учур.

Бир айымдын таасиринен чыга албаган чиновниктер зомби болуп калганбы деген күдүк суроо жаралат. Ал тургай маалымат жана департаменти интриганын борбору болуп калбастан балким коррупциялык элементтер орун алса керек деген шек жараткан ойлор пайда болууда. Болбосо, облустук телевидениелердин гана көздөгөн иш аракеттери жасалып, алардын талап кызыкчылыктары гана көздөлүп жатат. Анткени жыл сайын ар бир облустук телевидениеге бюджеттен 12 млн. 500 миң сом бөлүнөт, жетиге көбөйткөндө 87 млн. 500 миң сом. Бул жалаң айлык акы, канцтовар сыяктуу чыгашалар. Ушунча чыгаша менен 7 облустук телевидение республика боюнча 5 млн. сомго жетпеген каражат табат. Ал эми РПО, РМТР же байланыш подстанцияларына кеткен чыгымдарды кошкондо дагы 50 млн. сомдун тегерегинде акча сарпталат. Ал эми облустук газеталарга 30 млн. сом сарпталса, анын 15-20 миң сомун жарыя жазылуулар аркылуу атайын эсепке түшкөн каражаттар жабат. Бул маалыматтар департаменггин мурдагы жетекчиси Бактыгүл Норузбаеванын расмий баяндамасында белгиленген. Райондук гезиттер деле телевидение сыяктуу 85-90 пайыз чыгашалуу эмес, чыгашанын 35-40 пайызын өздөрү табышат. Демек «иттин өлүгү» кайда катылган деген суроо туулат. Оптимизиция, реформа жасайбыз дегендер арифметика билбейби деген суроо туулат. Балким алуу, кошуу амалын билбеген такыр эле сабатсыз адамдар экенине чындап ынанасың. Болбосо облустук телевидениелер 85-90 пайыз чыгашалуу экенин акылы жайында адамга деле кашкайып көрүнүп турбайбы. Арифметика билбегендик аңкоолукпу же айлакерликпи?!. Баса, учурда ар бир региондо тепевидениелерге атаандаш 35тей телеканалдар иштеп жатат. Анан ар бир облустук телевидениеге жыл сайын 12,5 млн. сом каражат бөлүп бери болгондо чарбасыздык, ары болгондо акылсыздык, келесоолук. Азыркы учурда жергиликтүү телевидениеде эмес КТР, ЭлТР телеканалдарында абройлуу, кызыктуу программалар жок. Ал эми элдин көбү ОРТ, РТР олуттуу каналдарын жана 5 каналдан Нарын Айыптын долбоорун жана бешөө деген долбоорун көрүшөт. Кыргыз мамлекеттик телеканалдары ОРТ,РТР телеканалдарын көрүп, өнүгүп-өсүп жаңыланса болот эледа. КТР коомдук телеканал аталган менен ал атына заты жарашкан милдетти аткарбай, эски эле кейпинде. Ал эми облустук телеканалдар бир эки саат жаңылык, ж.б. программаларынан кийин кино коюп салышат да биз баланча саат өзүбүздүн контентти эфирге коюп жатабыз деп мактанышат. Мына ошол тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов менен үч жолу жолукканда биз башкы редакторлор тараптан өтө арбын айтылды. Анын орун басары Нуржан Кадырбеков менен үч саат созулган жолугушууда да айтылды, министрлик жана маалымат жана коммуникация департаментинин калыссыз, ат үстүнөн жасалган мамилелери, реформа деп башаламан жасалган теле менен гезитти кошкон ботко чалмай алешемдиктер тууралуу ачуу жана чындык сөздөр айтылган эле. Аттиң кайран корогон убактылар, сааттар, кымындай да жыйынтык, жылыш жок. Жөн эле мелтиреген дубалдарга айтылган реалдуу сөздөр болуптур. ЖК депутаты Тазабек Икрамов маданият маалымат министри Азамат Жаманкуловго жасанып таранып келгениңиз эле болбосо оозуңузга талкан салып алгандай болуп маселе көтөрбөйсүз, «маселе чечпейсиз» дегени жөн жеринен айтылбагандыгына толук ынандым. Ал эми анын орун басары Нуржигит Кадырбеков деле алма сабагынан алыс түшпөйт дегендей Азамат Жаманкуловго түспөлдөш жан экен. Эмне үчүн эле Өкмөт жаш министрлерге басым коет десе алар чечкинсиз, жалтаң, позициясы жок, чоң чиновниктер кандай десе деле «хоп мейли» дегенден башканы билбеген, өз акыл эси, башы менен иштегенди билбеген жандар абдан ыңгайлуу болот окшойт деген ойго келет экенсиң. Гезиттер менен телени кошуп «ботко чалмайдан» не майнап болоору азыр күмөн. Бирок экс-министр орун басары Айнура Темирбекованын өз башы менен иштебеген командасы беш жылдан бери ушул долбоорду Өкмөттөгү айрым чиновниктер менен ымалашып, майнапсыз иштин майданында. Алардын амбициялары асмандын башында, дегеле басма сөз жана маалымат тармагында көп жылдар эмгектенип, гезит менен теленин өзгөчөлүгүн так, даана айырмалай билбегендиги жүздөгөн адамдарды түйшүккө салууда. Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү илим маданият жана саламаттыкты сактоо комитети 2018-жылдын 25-июнунда жергиликтүү гезиттердин кызматкерлеринин эмгек акыларын жана калем акыларын жогорулатып, материалдык-техникалык базаларын чыңдап, атайын эсептерин кайрадан ачып калыбына келтирүү боюнча КР Өкмөтүнө милдет тагып жатса, Өкмөттөгү айрым чиновниктердин асман айга чапчыган амбициялары улам учурдагы өлкө бийлигинде ыйгарым укугу күчтүү эң жогорку бийлик органынын чечимин чемичкече ордуна көрбөй, Өкмөт башчы М.Абылгазиевди ыңгайсыз абалда калтырууда. Өкмөттөгү, ошондой эле маданият министрлигиндеги жеңил ой жүгүрткөн чиновниктерге ишсиз калган ондогон кызматкерлердин тагдыры бир тыйын окшойт. Менимче жана башка көптөгөн адамдардын пикиринде министрликтердин департаменттерди кыскартып, Өкмөттү деле жоюп, бардык ыйгарым укукту президенттик администрацияга бериш керек. Ошондо миллиарддаган акча каражаты үнөмдөмөк. Супер держава Американы деле Президент башкарган мамлекеттик департамент эң сонун башкарып жатпайбы. Кыргызстан чакан өлкө. Россиянын эки облусундай болгон өлкөдө мамлекеттен чиновниктерди кескин кыскартуу керек да маданият, медицина, илим, билим социалдык тармактын бюджеттик каражаттарын көбөйтүү зарыл. Себеби бюджеттик тармактын негизги бөлүгүн жогоруда аталган катмарлар түзөт. Дегинкиси арифметика билбегендер үчүн коомчулук тарабынан орундуу, жүйөөлүү сунуш айтылып келет. 30 чакты жеке менчик телеканалдар арасындагы 7 мамлекеттик телеканалдарга бюджеттик 100-150 млн сом коротуп отурбай, КТРдин, ЭлТРдин, парламенттик телеканалдардын кабарчылык постторун уюштуруп, бюджеттерин, штаттарын 2-3 эсе кыскартканда өлкө бюджетине 50-60 млн сом үнөм болмок.Тилекке каршы арифметиканы билбегендер теңирден тескери иш жасап жатышпайбы. Дагы дурус президенттик администрация, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан улуттук журналисттер Союзу, коомчулук атайын гезиттердин структурасын, кесиптик ишмердүүлүгүн басмырлаган цензураны орноткон, финансылык чыгармачылык, өз алдынчалыгын жок кылган диверсияга тете башаламан иш аракетке каршы турушууда. Эми «реформаторбуз» дегендердин айынан маалымат айдыңында соттошмой процесстери башталышы ыктымал, иштен кыскаргандар же медиаборбордун башкы директору деген артыкбаш кызмат адамдары жергиликтүү гезиттердеги материалдарга, асыресе авторлордун сөз эркиндиктерин, көз караштарын тушаган, өз амбициялары менен аракеттерин башташат да, эки ортодо конфликттер пайда болуп, бүтпөгөн ызы-чуулар, тирешмей, кармашуулар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошентип алешем иштин аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз. Акыл, эс, кесипкөйлүк, диалог жеңеби же тирешүү, алешем иштердин аягы бүтпөй чыр чатак улана береби? Бирок бир гана нерсе реалдуу жергиликтүү басма сөз каражаттарынын чыгармачылыгына жана ишмердүүлүк маанайына учурда чоң сокку урулду.

Козубек ИМАНКУЛОВ

Булак: "Факты.kg"

 

 

Последние новости