www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы, обончу  Бек Борбиев өзүнүн Facebook социалдык баракчасына бүгүнкү митингге катышкандарга кайрылып пост жазды. Анын посту төмөндө өзгөртүлбөй берилди:

"700 миллионго мынча завод, баланча ишкана курмакпыз дейт бүгүнкү акцияда... Күйгөнүңдөн күлөсүң ( Ал акча биздин, мамлекеттин акчасы эмес! Орто Азиядагы базарчы жеке ишкерлердин каражаты. Түшүнүп анан кыйкыралы достор. Же атайын элди адаштыруу максатпы? Кимдин максаты? Жеке ишкер уйгур байларынын теневой банк менен иштеген системасын «иликтеп» алып, биздин өлкөнүн акчасы деп бурмалап, коогалаң жараткысы келип жаткан күчтөрдү көрүп, жакаңды кармайсын...

Кыргыз элин караңгы деп эсептеп, чабыштырып коюп карап олтуралы дегендерге жол бербешибиз керек. Маалымат согушунда “Азаттык” калпы менен жеңип, киши өлтүргөн АШАны аппак кылып жатат. Ошондой эле фбдагы трайбалисттер дагы акцияга аралашып жүргөнүн көрдүм, бул өкүнүчтүү. Мамлекет барбы өзү бизде? Бар болсо, түшүндүрүү иштерин тез арада өткөрүү  керек! Ал миллиондор өзбек, тажик, кыргыз, уйгур, кытай базарчыларынын каражаты экенин, Ашанын адам өлүргөн айыбын элге айтуусу зарыл. Соцтармактагы ачыктан ачык трайбалисттик чакырууларды жазган фейктерге чара колдонгула! Болбосо өлкөбүздү дагы өрттөп алып, кийин бекер кылыптырбыз деп өкүнүп өлтүруп калбайлы. Мындай апендичиликти кылганбыз, билебиз..."

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости