www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-ноябрда өткөн Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Улуттук госпиталдын алдында нейрохирургиялык борбор салууга Кувейт өкмөтү тарабынан берилчү 21 миллион доллар каражат кечиктирилип жатканы үчүн өкмөттү сынга алды. Анын айтымында, Кувейт тарап долбоорду ишке ашырууга жардам берүү аракетинде жүрсө, маселенин баары Кыргыз өкмөтүндө болуп жатат.

Долбоор башталыш керек болгонуна үч жыл болду. Ошол учурдан бери эмне үчүн акча иштетилбей жатат. Буга эмне себеп болууда?”, - деп суроо салды Зулпукаров.

Ал эми Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымдарында, өз учурунда акча боюнча маселелер болуп келсе, учурда жаңыдан гана сүйлөшүүлөр өтүп жатат.

“Маселенин баары кыргыз өкмөтүндө болуп жатат. Ушул долбоордун негизинде Кувейттен өкүлдөр келип ишти качан баштайсыңар деп кетишти. Биз акча сурап жаткандыктан өзүбүз кызыкдар болушубуз керек. Кат жазып коюп эле эмес, багыттуу иш алып баруу зарыл. Кудай буюрса иш жанданыптыр. Качан бүтө турганын айтып койгулачы. Борбор салына турган жер дагы менчикке өтүп кеткен экен, чечилди”, - деди депутат.

Андан кийин депутат комитет төрагасына кайрылып, кемчилик ким тараптан кетип жатканын аныктоо үчүн кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн протоколдук тапшырма берүүнү сунуш кылды. Депутат Зулпукаровдун бул сунушун комитеттин башка мүчөлөрү да колдоого алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости