www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия ишке киришти. “Ата Мекен” партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бул өтө татаал ишти кантип карап чыгуу пландалып жатканын айтып берди.
Депутаттын айтымында, бүгүн комиссиянын биринчи жыйналышы болду. Анда депутат Алтынбек Сулайманов менен Искендер Матраимов комиссиядан чыгуу чечимин билдиришти. Комиссия башчысы, “Республика - Ата-Журт” партиясынын депутаты Талант Мамытовго журналисттер менен сүйлөшүп, маалымат берип турууга ыйгарым укук берилди.
Шыкмаматов комиссиянын жыйынын ачык өткөрүүнү пландап жатышканын, бирок, эгер кандайдыр бир жашыруун документтерди карап чыгыш керек болсо, анда ММК өкүлдөрүнө маалымат баары каралып бүткөндөн кийин берилерин айтты.
Жыйынга ИИМ, УКМК, Каржы полициясы, Тышкы иштер министрлиги жана Мамлекеттик бажы кызматы чакырылат. Ошондой эле Кыргызстандын Стамбулдагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да сөзүн угушат.
“Биздин дипломатиялык кызматкерлерибиз аткезчилик менен кандай байланышы бар, Саймаити өлтүрүлгөн учурда ал кантип башкы консулдун унаасында болуп калганын түшүнүшүбүз керек”, -дейт Алмамбет Шыкмаматов.
Комиссиянын иштөө мөөнөтү али белгилене элек. Бирок депутаттар шашпай, бардык окуяны кылдаттык менен карап чыгып, объективдүү корутунду чыгарыш керек деп эсептешет.
Ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбул шаарында өлтүрүп кетишкен.
Булак: NazarNews.kg