www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Honda CR-V үлгүсүндөгү унаа жол өтмөгүнүн дубалын сүзүп, анын сырткы бөлүгүнө зыян келтирди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 2026-жылдын 29-октябрында саат 03:07 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу рулга ээ боло албай, жол өтмөгүнүн дубалын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен дубалдын сырткы каптамасынын бир бөлүгү жабыркаган. Айдоочу жаракат алган эмес. Окуядан кийин ал Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына өзү кайрылып, кырсык расмий каттоого алынган.
Мэриянын маалыматына караганда, учурда жабыркаган бөлүктү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле муниципалитет жол өтмөгүнүн дубалы өзүнөн-өзү урап жатат деген маалыматтарды четке какты. Мэрия айрым маалымат каражаттарында жарыяланган сүрөт-видеолордо окуянын толук жагдайлары чагылдырылбаганын белгиледи.