www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ереван Армениянын суверенитетин коргоо боюнча жана Армениянын суверендүү аймагынан Азербайжан аскерлерин чыгарып кетүү боюнча аракетсиздигинен улам ЖККУнун аскердик блогунан чыгышы мүмкүн экенин жарыялады.

ЖККУ аскерий блок, анын негиздөөчүлөрүнүн бири Армения болгон. Аны түзүүнүн максаты бул келишимге мүчө мамлекеттерди аскердик чабуул болгон учурда аскердик-саясий жактан коргоо болгон.

ЖККУнун уставынын 4-беренесине ылайык, бир өлкөгө агрессия блоктун бардык мүчөлөрүнө кол салуу катары каралат. Мындай учурда уюм «зарыл жардамды, анын ичинде аскердик жардамды дароо көрсөтүүгө тийиш».

Учурда ЖККУнун башкы катчысы болуп Орусиянын өкүлү Станислав Зас дайындалды. Орус тарап кырдаалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирип, Арменияга көңүл айтты. Зас башчылык кылган байкоочулардын делегациясы чыр-чатактын аймагына жиберилди. Миссия ок атышууну токтотууга байланыштуу Арменияга аскерлерди жөнөтүү зарылчылыгы жоктугун жазды.

Эскерте кетсек! Азербайжан Армениянын аймагына ракеталык сокку менен чабуул жасап, анын кесепетинен аскерлер гана эмес, карапайым калк да жапа чеккен. Бир жума мурун Орусия "окуяны текшере баштаганын" жарыялаган.

 «Орусия кийлигишпейт, анткени ал өнөктөшү Армениянын алсыздыгынан пайда көрүп жатат. Ереван ЖККУдан келишимди аткарып, кийлигишүүнү талап кылган күндө да, мунун мааниси жок, анткени бул уюмда бардыгын Орусия чечет», - деп жазат украиналык талдоочулар.

 Бүгүнкү күндө ЖККУга мурдагы СССРдин курамындагы алты лоялдуу республика – Россия, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Беларусь кирет.

«Биз ЖККУ Арменияга анын суверенитетин коргоо жана азербайжандык аскерлерди чыгарып кетүү үчүн аскердик жана аскердик-саясий жардам көрсөтөт деп күткөнбүз. Биздин ЖККУдан койгон талабыбыз ушул эле, ал азырынча аткарыла элек», - деп билдирилет маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости