www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Өлкөдө  коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу абал кооптуу бойдон калууда. Күн сайын 400-500 ашуун оорунун жаңы учурлары катталууда. Акыркы күндөрү оңдуу динамика байкалууда, бирок биз эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек. Коронавирус илдетинен курман болгондордун санын кыскартуу үчүн колдон келген бардык күч-аракетти жумшоо зарыл. Бейтаптарды ороруканага жаткыруу ыкчам жана кезексиз түрдө ишке ашырылыш керек. Аймактардагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен медициналык мекемелердеги бош орундар, ошондой эле дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын, медициналык жабдуулардын бөлүштүрүлүшү боюнча так графикти даярдоо зарыл. Мындан тышкары, бардык ооруканаларды энергия менен жабдуучу автономдук генераторлор менен камсыздоо зарыл», - деди Артем Новиков.

Өкмөт башчынын м.а. белгилегендей, өлкөдө дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын жетиштүү саны бар. 

Буга катар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине республиканын аймагындагы медикаменттерге карата бааларды мониторнигдөө жана ооруканаларды тийиштүү жабдуулар жана дары-дармек каражаттары менен жабдуу деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти улантуу тапшырылды.

«COVID-19 дарылоого зарыл болгон дармектерге карата аймактардагы баалар Бишкек шаарындагы баалардан кескин айырмаланбашы тийиш. Даг бир ирет бааларды көзөмөлгө алыңыздар. Зарыл болгон учурда, бааларды турукташтыруу боюнча чараларды кабыл алыңыздар. Бүгүнкү күндө ал үчүн бардык мыйзам рычагдары жетиштүү», - деди ал. 

Артем Новиков эпидемиологиялык абалды турукташтыруу боюнча зарыл чараларды жүргүзүү маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Белгилүү болгондой, алдыда жаңы жылдык майрамдар, андан соң Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо турат. Бул окуялар адамдар ортосундагы байланыштардын жогорулашына алып келет. Ошондуктан COVID-19 илдетине чалдыккан жарандардын саны жогорулашына жол бербөө керек. Саламаттык сактоо тутуму жаңы жылдык майрамдарда жана шайлоо учурунда бейтаптардын санынын көбөйүшү ыктымалдыгына даяр болуусу керек», - деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кеңешменин жүрүшүндө республиканын ар  бир аймагындагы COVID-19 илдетинин жайылышы боюнча абал тыкыр талкууланып, коронавирустук инфекцияга чалдыккан абалы оор жана өтө оорлошкон бейтаптар менен ишти күчтөндүрүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости