www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги генерал Артур Медетбековду кепке тартып, өзгөчө кырдаал учурундагы айрым кайчы пикир жараткан жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Артур мырза, коронавирус менен күрөшүүдө өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилди. Бардыгы өз учурунда эле болдубу же кечиктикпи?

--Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанга эле эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин баарына   катуу сокку урду. Кайсыл мамлекеттин чамасы кандай экенин көрсөттү. Акыркы мезгилде коронавирусу инфекция катары эле коркунуч жаратпай адамдардын психологиясына таасир этип, стресс, коркунуч жараткан дүрбөлөңгө түшүргөн учурлар болду.  Коронавирус инфекциясына убагында  баа бере албаганыбыз үчүн чек аралар кеч жабылып, коменданттык саат менен өзгөчө кырдаал да кечирээк киргизилди. Ошонун кесепетинен илдет тарап кетти. Ал турсун, өзгөчө кырдаал, коменданттык саатты киргизүү механизмдеринде мүчүлүштүктөр орун алып, уюштуруу, координациялоодо катачылыктарга жол берилди. Даярдыктын жана уюштуруу иштеринин начардыгынан көптөгөн врачтар өздөрү иш учурунда илдет жугузуп алышты. Бирок врачтар шарттын начардыгына карабай өз милдеттерин так аткарууга аракет кылышты. Ошон үчүн өкмөт коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкон дарыгерлерди, блокпосттордо жана овсервацияга жакын жерде иштеген коргонуучу  кийимдери жок болсо да, өз милдетин так аткарган милиционерлерге жана бул илдет менен күрөшүүгө салым кошкон ар бир кызматкердин эмгегин көз жаздымда калтырбай кошумча каражат  бериши керек. Анткени, алар өз өмүрлөрүн  тобокелге салып иштешти. Кудай буюруп, эпидемияны жеңсек, баарына тийиштүү компенсация төлөнүшү керек

--Блок посттордо машинелерди айып пул төлөбөгөндөрдү текшерип, стоянкага токтоткон жагдай орун алды. Бул мыйзамга каршы келбейби?

--Албетте, каршы келет. Эл өзү кыйналып, айласын таппай отурганда айып пул төлөбөгөн жарандарыбыздын машинесин стоянкага токтоткону чыны менен чекилик иш болду. Ошондой эле блок посттордо жасалма пропусктарды сатуу да укук коргоо органдарынын бетине чиркөө иш болуп, апааттан пайда табам дегендердин бетин ачты.

--Карантиндин мөөнөтү узарып, коменданттык саатта жеңилдиктер берилиши мүмкүнбү?

--Эгерде коронавирус эпидемиясы катууласа коменданттык саат менен өзгөчө кырдаал мамлекеттин бүт облустарына кирип калышы мүмкүн. Негизи бул маселе эпидемиянын өсүшүнө же төмөндөшүнө жараша чечилет. Бирок, орозодо элдер ооз ачтырып, бири-бири менен байланышта болоорун эске алса, коменданттык саат менен өзгөчө абал алынбашы мүмкүн. Алдыда илдетти жеңебиз деген максат болсо, коменданттык саатты жумшартпаш  керек. Аягына чейин кыйналсак да чыдашыбыз керек. Бул бир жагы. Экинчи жагы күнүмдүк тамак ашын таап жегендерге, ишкерлерге коменданттык саат терс  таасирин тийгизип, элдин социалдык, экономикалык акыбалы оорлотуп койду. Биздин өкмөт, штабдагылар бул маселе боюнча катуу ойлонуп, анализдеп социалдык экономикалык абалдан жаңжал чыкпай турган механизмдерди иштеп чыгышы керек. Болбосо коронавирустан дагы социалдык-экономикалык абал коркунуч жаратып коюшу мүмкүн.

--Оорусун жашырган деп кылмыш ишин козгоо туура элеби же аша чабуубу?

--Коронавирус эпидемиясын ар бир адам, ар бир үй бүлө өз аңсезимине жараша кабыл алат. Биринчиден, баардыгы коргонууга сактанууга аракет кылат.  Эч бир адам өзү жугузуп алса, башкаларга атайылап жугузайын дебейт. Экинчиден, умрага баргандар жана чет мамлекеттен келген жарандар Кыргызстанга вирусту атайын алып келген жок. Бирок, оорунун симптомдору байкалса айтпай жашырып, өз алдынча дарыланып, башкаларга жугузуп алгандар болду. Анын айынан кылмыш иши козголду. Кылмыш ишин козгоп жаткандарды туура түшүнөм, бирок баарына эле кылмыш ишин козгоп, күнөөлөй бербеш керек. Кылмыш иши тыкыр иликтөөдөн кийин козголушу керек. Болбосо козголгон кылмыш иштер карама-каршылыктарга жол ачып, нааразычылыкты күчөтүшү мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости