www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, губернатор болгон коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына ала качуу тууралуу пикирин жазып чыкты.

"Үйлөнүү, ала качуу темасындагы окуялар боюнча сөз көп эмеспи. "Атка өңөрүп эле ала качып келгем, жөө эле жетелешип, огороддун аягы менен качып келгенбиз, трактирдин кабинасына салып эле алып кеткем, рейсовый автобус менен эле кеткенбиз" - деген окуяларды көп эле укканбыз. А түгүл "велосипедке эле өңөрүп кеткем..." - деген окуя да бар.

Ал эми ала турган жигит "билет алганга акча жок" деп шаарда кала берип, келин болчу кыз өзү жалгыз келип, кайын ата - кайын энесинин үйүнө кирип алган окуяны деле баарыбыз окуганбыз китептен. Бирок, ушунча болуп "лифтке салып эле ала качып келгем"  дегенди укпаптырмын. Бүгүн, уктум "3-кабатта жашаган кошунасынын кызын 7-этажка ала качыптыр" лифт менен. Тээ илгери, азыр очор-бачар бала-чакалуу болуп бактылуу жашап жаткан үйбүлө... Кыргыздар кыйын элебиз, негизи...", - деп Эмилбек Каптагаев жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости