www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгына көңүл бурулбай жатат. Бул тууралуу К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кафедра башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Асанбек Ажибеков билдирди.

Анын айтымында, учурда асыл тукум мал чарбасынын абалы оор. Көп азык алып, элин багам деген адам асыл тукум мал чарбасына басым жасашы керек. Ал эми бүгүнкү күндө койдун гана 4-5 породасы бар.

«Баарын жеке менчикке берип койсок, өнүгүп кетет» деген — туура эмес түшүнүк. Асыл тукум малга колдоо керек. Бул боюнча мыйзам да бар. Мындан сырткары алгачкы үрөнчүлүк чарбаларды мамлекет колдоп, дотация бериши керек», — дейт .

Ал белгилегендей, Кыргызстандын аймагы 20 млн гектар. Анын 9,2 гектары жайыт. Негизинен мал чарбачылыгына негизделген. Өлкөдө 6,5 миллиондун тегерегинде кой-эчки, 1,6 миллиондун тегерегинде уй, 500 миңден ашуун жылкы, 5 миллионго жакын канаттуу бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости