www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-январьда, тактап айтканда бир нече убакыттан кийин Бишкекте Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы башталат.

«Чакырылгандардын басымдуу бөлүгүн карапайым калк түзүп турат», - дейт аземге чакырылган аксакал Асанкадыр Чынгышбаев. Мындай пикирин ал NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

«Азыркы окуялар кыргыз эли үчүн өтө орчундуу мезгилге туш болуп турат. Садыр Жапаровду эл өзү тандап, эл башы кылып шайлап алды. Мына бүгүнкү ант берүү аземинде да элдин көзү көп. Чакырылгандардын басымдуу бөлүгүн карапайым калк түзүп турат.

Элдин тандоосу менен бул кызматка келгенден кийин эл үчүн иштеп берет деген ишеничтемин», - дейт Асанкадыр Чынгышбаев.

Чакырылган коноктордун арасында аксакал Асанкадыр Чынгышбаев да бар. Асанкадыр Чынгышбаев социалдык тармакты өздөштүрүп, саясий маселелер тууралуу байма-бай айтып жеке пикирин  бийликке жеткирип келет.

Маалым болгондой, ант берүү аземи Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт. Салтанатка миңден ашуун конок чакырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости