www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамкаттоону тескеп турганда паспорттогу «Кыргыз» деген жазууну алып салуу үчүн жан үрөп күрөшкөн Тайырбек Сарпашев деген «чиниш» бар. Жеткен алкы бузук, Токтогул мындай турсун жердин барын Акаевке таянып алып койгон. Ар кимдин артында шалпаңдап бийликте жүрүп, эми акыйкат орноп Тайырбек Сарпашев Финансы полициясына суракка чакыртылды.

Ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн, жакын туугандарына каттаган.Эске салсак, буга чейин Финпол мурунку вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү башталганын кабарлаган:

«Градиент-Строй» ЖЧКсы, уюштуруучусу Апазбек Сарпашев, жетекчиси Алмазбек Сарпашев;

Кыргыз-казак биргелешкен «Градиент» ЖЧКсы, уюштуруучусу 2013-жылдын февралына чейин Тайырбек Сарпашев, андан соң Эмир-Радик Сарпашев;

«Градиент Церера» дыйкан чарбасы, уюштуруучусу  Дүйшөке Сарпашев (атасы), жетекчиси Абдрашит Лапазов;

«Градиент-Токтогул» ЖЧКсы, уюштуруучусу Наталья Ким менен Сергей Осипов, жетекчиси Эмир-Радик Сарпашев;

«Градиент-NET» ЖЧКсы, уюштуруучусу казак-кыргыз биргелешкен «Градиент» ЖЧКсы, жетекчиси Болот Борболдоев;

«Градиент-Недвижимость» ЖЧКсы, уюштуруучусу, жетекчиси Эмир-Радик Сарпашев;

«Градиент-Групп» ЖЧКсы, уюштуруучусу, жетекчиси Владислав Ли;

«Градиент-Чуй» ЖЧКсы, уюштуруучусу Сүйүн Кадыров, Мелисбек Иманалиев, Мирлан Акматов, жетекчиси Сүйүн Кадыров;

2014-жылдын декабрь айында бийликтин камчы «чабаары» Тайырбек Сарпашев 2013-жылдын февралына чейин мыйзамдуу, бүгүн мыйзамсыз башкарып келаткан «Градиент» ЖЧКсы 2012-жылы 9 мамлекеттик тендерди утса, 2013-жылы 12 тендерди уткан. Комиссиянын айтымында  2010-жылдын 2013-жылга чейин эле компания 529 млн 522 миң сомдук  110 тендерди утуп алган.                                               

Документтер боюнча «Градиент» ЖЧКсы 2010 жылы 34 млн 774 миң сомдук 18 тендер утуп алса, ар бир тендер орто эсеп менен 1 млн 931 миң сомду түзгөн.
2011 - жылы компания ого бетер күчөп,  жалпы суммасы127 млн 92 миң 275 сомдук 34 тендер утуп алып, орто эсеп менен ар бир тендер 3 млн 738 миң сомду түзгөн.

2012 -жылы «Градиент» ЖЧКсы  190 млн 530 миң сомдук 32 тендер утуп алып, орто эсеп менен ар бир тендердин баасы ракеталык ылдамдык менен жогорулап 5 млн 954 миң. сомду түзгөн.
«Шекшинген өзү шектенет»  2013 жылдан баштап компания анын тендерине болгон кызыгуулар көбөйүп, тендер утуп алуу саны азайган, ошого карабай  жалпы суммасы 168 млн 157 миң. сомдук 26 тендерди чапчый жыгылган. Орто эсеп боюнча ар бир тендердин наркы - 6 млн 467 миң. сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр кызматына Тайырбек Сарпашев Атамбаевдин тушунда дайындалган. Ал кызматка чейин СДПКнын Бишкек шаары боюнча «Форумда» бийликтин бир бучкагын чоюп турганын билебиз. «Форумда» жүргөн адамдар тарабынан Акаевдин брондолгон «Мерседес» автомобили миллион долларга антиквартиарт, эски оокаттарды сүйүүчүлөргө сатылып кеткен. Бул мамлекеттик мүлк тууралуу экс -биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев жакшы билет, бирок унчукпайт, унчуга турган болсо өз башына үйүлгөн тоо жоо болору белгилүү. Учурда Тайырбек Сарпашевдин бизнесин финпол текшерип жаткан учуру.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости