www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөн бийлиги Ашхабаддын сейсмикалык жактан кооптуу делген аймагында 35 кабаттуу имарат курууну пландап жатат.

Бул тууралуу өткөн аптада Түркмөнстандын Курулуш жана архитектура министрлигинин Мамлекеттик экспертизалар башкармалыгынын башчысы Мурад Непесов билдирди.

Непесов 35 кабаттуу имарат борбор калаанын түндүгүндө курулуп жаткан «Ашхабад-сити» комплексинин аймагынан орун аларын айтты.

Белгилей кетсек, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өткөн жылы борбор калаада «Ашхабад-сити» бизнес комплекси куруларын айтып, бирок анын наркы жөнүндө үн каткан эмес.

Долбоордун планы боюнча комплекстин жалпы аянты 744 гектарды түзөт жана өзүнө 200дөн ашуун имаратты камтыйт. Алардын ичинен 180 турак жай курулат.

Бул арада Орусиянын Мамлекеттик экспертизалар башкармалыгын сайтында 35 кабаттуу имарат 9 баллдан ашкан Ашхабаддын сейсмикалык активдүү зонасында курула турганы белгиленген.

Эске салсак, Мурад Непесов Ашхабадда 1948-жылы октябрда болгон зилзалада шаар толугу менен кыйрап, 100 миңден ашуун киши өлгөнүн да эске салды. Ошол эле маалда ал көп кабаттуу имаратты курууда сейсмикалык шарттарга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости