www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Саламатсызбы Аскат мырза, абал кандай Кыргызстандагы жаңылыктар менен кабардар болуп турасызбы?
--Албетте, айрыкча кесиптештерибиздин ортосунда болуп жаткан окуялар таң калтырууда. Бирин “сатылды” десе, бирин “сатып алды” деген сөздөр социалдык тармактарда жайнап кетти. Бирок мени ошол Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимовдун “Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакуновдун түз эфирин көрүп бир нерсеге аябай таң калдым. Чыны менен Токтакунов Матраимовдор тууралуу журналисттик иликтөө жасап чоң чуу жараткан. Бирок, 5-каналдагы түз эфирде Искендер Матраимов, Али Токтакуновго: - Али иним, айтчы сен айткан 700 миллион долларга биздин тийешебиз барбы? –десе, Али Токтакунов: - Мен качан сиздердин тийешеӊер бар деп айттым? - деп жооп берди. Сөзүн улай, “мен жөн гана шектенип жатам” - деп айтты. Ушул түз эфирден кийин мен “Азаттыктын” журналистине шектенип калдым. Ошол эле учурда журналист “шектенип жатам” деген аргументке таянып алып, кимдир бирөөгө жалаа жаба бергени бир аз туура эмес болуп калды. Кандай болгон күндө дагы Токтакунов түз эфирден Искендер Матраимовго “Мен качан сиздердин тийешеӊер бар деп айттым?” дегени баары бир коомчулукта шек жаратып койду. Токтакуновдун өзүнө келсек, ал чын эле мыкты кесиптеш.
--Эки журналисти “кимдир бирөөнүн “буйругун” аткарып жатат” деген социалдык тармактагы пикирге кандай карайсыз?
--Ооба айтылып жатат, “Али Токтакунов Алмазбек Атамбаевдин 10 жылдан берки партиялашы. Атамбаев заказ берип, Матаримовду каралатып жатат” - деп жазышса, өзүнүн кесиптеши "Эльнура Алканованы Матраимовдор сатып алды" деп айтышканы менен Алканова дүмүрчөктөрдү так таамай далилдеп берди. Кандай болгон күндө дагы журналисттер арасында ырк кетпеши керек, алар бири-бирин түшүнүү менен кабыл алуусу зарыл.
--Сиз дагы журналист болуп иштеп жүргөндө “буйрук” аткаргансызбы?
--Албетте, аткарганмын. Бирок аша чапкан эмесмин.
--Азыр Курманбек Бакиев, “Аскат, азыр Атамбаевди жамандап макала жазып чыгар. Аны Кой-Таштагы үйүн сатты деп жазып чык” десе, эмне кылат элеңиз?
--Сиз, мурдагы президент Курманбек Бакиевди мага караганда жакшы билесиз. Ал киши менен канча ирет чогу чай ичип олтурдук, Алмазбек Атамбаевди бир дагы жолу жамандаган эмес. Ал кишинин кандай экенин анын жакын адамдары жакшы билет. Эгерде Атамбаев чын эле Кой-Таштагы үйүн сатканы боюнча так далилдер болсо жазып чыкмакмын. Атамбаев үйүн сатат бекен?
-- Албетте үйүн сатпайт болушу керек. Болгону суроо катары бердим. Учурда кайсы шаардасыз? Минсктеби?
--Чет өлкөдөмүн...Тирилик. Кудайдын берген ырыскысын терип жеп жүрөм.
--Рахмат.
Булак: NazarNews.kg