www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскерде калган арзуум

Союз мезгилинин акыркы жылдары. Горбачев жаңыдан кайра куруу системасын киргизип, ызы-чуу башталып калган кезде мен аскерге чакырылып, сибирде кызмат өтөп калдым. Ал кезде аскерге барган балдар үчүн чоң бакыт болучу.

Челябинск шаарына караштуу бир айылдын четине барып, темир жол куруу жагында кызмат өтөп баштадым. Албетте башында стариктерден токмок жеп, кордук көргөнсүдүк. Бирок көнгөндөн кийин баары унутулуп калат экен. Анткен менен биздин частка көп деле көңүл бурулчу эмес. Жүзгө чукул бала кызмат кылып, офицерлер өздөрү менен өздөрү болуп, орустардын самгонунан баштары чыкчу эмес. Ооба, түшкө чейин текшерүү болот, качан чоңдор келип кеткенден кийин солдаттар дагы ичип мас болуп калышчу. Андан дагы кечинде айылдын кыздары менен дискотекага барып, бийлеп келип түн ортосунда жатып калчу элек.

 Бир күнү мен өзүм курактуу Лена деген кыз менен таанышып, аны менен эмнегедир абдан жакшы маанайда болуп, ал турсун бара-бара экөөбүз бат-бат жолугушуп да жүрдүк. Көздөрү күлмүңдөгөн Лена бир күнү мага арманын айтты, ичине катылган букту чыгарып алыш үчүн:

-Мен абдан арданам, бизде эркектерибиз жалаң ичимдик иче беришип, жашоонун шаңын деле билбей калышты. Ичкен кишинин кантип турмушу жакшы болот эле. Керек болсо акыркы кездерде биздин айылда келиндер дагы төрөбөй калышты. Анткени тийген күйөөлөрү арактан колдору бошобой жүргөнүн өзүң деле баамдап жаткан чыгарсың. Аял кишиге дагы эркектин мээрими, көңүл буруусу керек экенин кантип жашырууга болот. Мисалы мен дагы бала төрөп, эне болгум келет. Кантип эне болом, тигинтип эркектерибиз кекиртектин кулу болуп мас болуп жатышса-деп, айтканы да мени ойго салып койду.

 Мен Ленага абдан боорум ооруп, аны кучагыма кысып, башынан жыттасам, Лена ушуну эле күтүп турган белем, денесин мага ыктап, ушул бойдон кыймылдабай турчу-деди. Мен андан ары эч кыймылга барганым жок. Бирок, Лена экөөбүздүн ортобузда ысык мамиле башталып, кызматымды өтөп бүткөнгө чейин жакшы мамиледе болуп жүрүп, анан мен кетээрде көз жашын көлдөтүп ыйлап:

- Мени өзүң менен бирге ала кетчи, мен сендей ичпеген күйөөгө тийип, таза бала төрөгүм келет - деп айтты. Бирок, мен аны алып кете албайт болчумун. Анткени менден улуу эки байкем али үйлөнө элек болучу. Лена ыйлап, кудум чоң ырыскыдан куру калып жаткан адамдай катуу өкүнүп калды. Ооба, ар бир аял заты жакшы күйөөгө тийип, жакшы жашагысы келет. Ал эми ичкилике берилген Сибирде канчалаган кыздар ичпеген күйөөгө жете албай зар болуп жүрүшөт. Лена экөөбүз бир жылга чукул убакыт кат алышып жүрүп акыры байланыш үзүлдү. Анткен менен жаш кездеги жагымдуу бир учур, жүрөктүн каалоосу болгон, сүйүүнүн кадырына жетпей калган кез, ичке өкүнүч калтырат экен. Азыр Лена эчак балага эне болуп, өз жашоосу менен алек болуп калса керек.

Эх, ошондогу экөөбүздүн ысык өбүшкөнүбүз, ошондо да чектен чыкпай бири-бирибизди берилип сүйгөнүбүз, кучакташып тургандагы бири-бирибизге өткөн жылуулук, жолугушканга чейин сагынышып кеткен куса болуп өткөн убакыт, жагымдуу көз караштар, сөз менен айтып жеткире албаган ашыктыктын илеби, эч сөзгө келбей кучакташып көрүшкөн учурлар, жакшы сөздөрдүн күчү, чындап берилип өбүшкөн минуталар азыр дагы көз алдымдан кетпейт. Канчалык ал кездери эстен чыгарып салайын дейм, бирок таза сезим, чыныгы арзуу эч качан унутканга мүмкүнчүлүк бербейт экен. Азыр мен балага ата, небереге чоң атамын, бирок жашоомдогу жагымдуу учур карылык айылына баш баккан күндө деле көңүл сересинде жашай берет экен деп, Жумагул кебин аяктады.

Укканын жазган Бердикожо Бийназаров,

NazarNews.kg

Последние новости