www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы Жогорку Кеңеште Насыр Мусев аттуу депутат (“Кыргызстан” фракциясы) майыптардын коляскасы менен келип ант берип, коомчулукту бүйүрүн бир топ кызыткан эле. Себеби, айрым маалымат каражаттары “фонограмма менен ант берди, диктофонго жаздыртыптыр, өзү ант бере албайт экен” дешип коңгуроо кагышкан болчу. Ал тургай, “Кабарлар” телеканалы “бул мыйзамдуулукту, парламентти, кыргыз элин сыйлабагандык” деп жар салган эле. Мына, ошол депутаттын дагы бир чуулгандуу иши ачыкталды. Аталган эл өкүлү сентябрь айынан бери бир да жолу сессия жыйналыштарына катышкан эмес. Баш-аягы 39 жолу сессияны калтырган. Ошол эле маалда “жүйөлүү себептерим бар, ооруп атам” деген справканы май, июнь айына берген да, андан бери 7 айдан жүзү бир да жолу “же оорусун, же тирүүсүн” билдирген справка тапшырган эмес.  Жогорку Кеңештин Регламентинде эл өкүлү бир сессия ичинде 30 же андан көп ирээт жүйөөлүү себептерсиз жыйналыштарга катыша албаса, мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотула тургандыгы каралган.Ал эми ден соолугу иштегенге мүмкүнчұлұк бербеген жарандарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү Жобосуна ылайык (2011, 11-ноябрь, №727) медико-социалдык эксперттик комиссия 120 күндүн ичинде ишке жарамсыздык боюнча тиешелүү корутунду чыгарып бериши керек. Эгер андай болбосо адам ишке чыгышы шарт. Бул талаптарга карабастан бир жылга чукул убакыттан бери Мусаев эч кимди тоотпостон, өз билген боткосун чалууда.

Былтыр Төрага Дастан Жумабеков “парламенттин бюджети 786 млн. сомду түзөт” деп отчет берди эле. Демек, ошол миллиондордун канча бир бөлүгү ушу Мусаевге окшогон эл өкүлдөрүнүн чөнтөгүн байытып, мамлекетке зыян келтирип жатпайбы... Анан калса бул депутат бир да комитеттин мүчөсү эмес, анын депутаттык ишмердиги жөнүндө таптакыр маалымат жок. Албетте, оорулуу адамды “ал, бул” деш кыйын, түшүнсө болот, бирок мыйзамдуулукту тебелөөгө ким ага укук берди? Ишке жарамсыз болсо, башкы байлык – ден соолукту биринчи орунга коюп, мандатын тапшырып кете бербейби? Мындай мыйзамсыздыкка жол берип аткан спикер Дастан Жумабеков каякты карап жүрөт? Баарынан кызыгы – спикер Дастан Артисбекович да “Кыргызстан” партиясынан болуп аткандыгында. Же “карга карганын көзүн чукубайт” болуп, өз партиялашын калкалап жатабы? Жогорку Кеңештин аппараты коңгуроо кагып,  ишке келбеген эл өкүлүн Жогорку Кеңешке  кулак кагыш кылса да, аны көрмөксөн, билмексен болуп,  “бармак басты, көз кысты” кылып аткандары неси? Же бул жерде чоң саясий сыр катылып жатабы?

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости